Үтрөң мөңгүсү

Википедия дан

Үтрөң мөңгүсүТүркстан жана Алай кырка тоолорунун ашташкан жериндеги татаал өрөөн тибиндеги мөңгү.

Уз. 8,9 км, аянты 7,3 км2. Сох суусунун сол курамы Актерек суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5000 м, этеги 2800 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3620 м; абляция облусунун аянты 4,4 км2, анын 3,6 км2 морена чөкмөлөрү м-н туташ капталган. Мөңгүнүн негизги массасы кыска ж-а бийик кырлар м-н бөлүнгөн 2 кенен цирктен жылып чыгат. Азыр мөңгү тартылууда. Андан Актерек суусунун сол куймасы – Үтрөңсуу башталат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2