Үч-Терек айыл аймагы

Википедия дан

Үчтерек Айыл Өкмөтү - Токтогул районундагы администрациялык-аймактык бирдик. Облустун борбору Жалалабат шаарынан 282 км, райондун борбору Токтогул шаарчасынан 45 км түштүк-чыгыш тарапта, Ташкөмүр темир жол бекетинен 140 км.

  • 1996-ж. түзүлгөн. Жетиген, Кызылураан, Саргата, Үчтерек айылдары кирет.
  • 1938-ж. Кетментөбө району эки районго бөлүнгөн (Үчтерек, Токтогул). Үчтерек району азыркы Токтогул суу сактагычынын ордунда, Нарын суусунун чыгышында жайгашкан.
  • 1958-ж. район жоюлуп, анын курамындагы Кызылураан жана Жазыкечүү айыл кеңештери биригип, Үчтерек айыл кеңеши деп аталган. 70-жылдары азыркы ордуна көчүрүлгөн (суу сактагычтын курулушуна байланыштуу).
  • 1992-98-ж. Үчтерек району кайрадан түзүлгөн.
  • 1996-жылдан Токтогул районунун карамагында. Үчтерек айыл өкмөтүнүн жалпы жер аянты 22,5 миң га, айдоо жери 300 га, кайрак жери 300 га. Калкы 10350 (2004). Борборлоштурулган номерлүү оорукана, бейтапкана, 2 фельдшер-акушердик пункт, айылдык врачтык амбулатория, 5 орто мектеп, башталгыч мектеп, 4 китепкана, май чыгаруучу цех, 2 тегирмен, устакана ж. б. ишканалар, телеком, автобаза, мечит ж. б. бар. Негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенишет. 82 дыйкан чарба уюшулган. Дан, жүгөрү, күнкарама өсүмдүктөрү өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5