Үч-Эмчек мышьяк кени

Википедия дан

Үч-Эмчек мышьяк кени Талас облусунун Бакай-Ата районунда, Талас Ала-Тоосунун түндүк капталында, Үчемчек тоосунун түндүк-чыгыш капталында, деңиз деңгээлинен 2600–2800 м бийиктикте. 1926-ж. табылган. 1958-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы протерозойдун кумдук, алевролит, сланец чөкмө тектери түзөт. Алар татаал бүктөлүүлөргө дуушарланып, интиклиналь структурасы пайда болгон; тектоникалык жаракалар менен өтө тилмеленген жана соңку палеозойдо жиреп чыккан гранит интрузиясынын таасиринен өзгөрүүлөргө учураган. Руда тулкулары тарам түрүндө тектоникалык жаракаларда топтолгон. Алардын өлчөмдөрү ар түрдүү. Кендин узундугу 180 мге чейин, калыңдыгы 0,2–12 м. Кенде 60тан ашык минерал учурайт. Негизгилери: арсенопирит, пирит, пирротин, халькопирит, сфалерит, галенит, висмутин, касситерит ж. б. Руда гидротерм жолу менен пайда болгон. Кондициялык өлчөмү 9,11%. Запасы 82,2 миң т. 1939-жылдан кен бир аз казылып, кийин өнөр жай мааниси болбогондуктан казып алуу токтотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]