Үч-Эмчек тоо кыркасы

Википедия дан

Үч-Эмчек кырка тоосуТескей Ала-тоонун түш. тармагы. Кичи Нарындын алабында.

Түндүгүнөн Үчемчек, түштүгүнөн Буркан суулары агат. Уз. 54 км, туурасы 18 км. Орт. бийикт. 3920 м, эң бийик жери 4482 м. Рельефи үч ярустан турат: биринчи ярус – тоонун кырында палеозойдун аягынан неогенге чейин пайда болгон түздүктөрдүн калдыктары; экинчиси неоген м-н төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон эрозия-денудация тектирлери, тик капталдуу аска-зоокалар; үчүнчүсү төртүнчүлүк мезгилинин ортосунан голоценге чейин пайда болгон тик капталдуу тепши сымал терең өрөөндөр ж-а тоо этегиндеги тектирленген адырлар. Кумдук, чополуу сланец, конгломерат, алевролит ж. б. тоо тектерден турат. Ү. к. т-нда 144 мөңгү (жалпы аянты 92,4 км2) бар. Түн. капталына бийик тоолуу талаа (3000–3100 м), субальп (3100–3400 м), альп (3400–4000 м), шалбаалуу талаа гляциалдык-нивалдык, түштүгүнө бийик тоолуу талаа (3000–3800 м), альп (3600–4200 м) ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафттар мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2