Мазмунга өтүү

Өгел Мехмет Бахаеддин

Википедия дан

Өгел Мехмет Бахаеддин (23-апрель, 1923-ж. – 7-март, 1989-ж.). Белгилүү түрк тарыхчысы, профессор. Байыркы хуннулардын, түрктөрдүн, уйгурлардын тарыхы боюнча эмгектерди жазган. Түрктөрдүн маданияты, анын ичинен этнографиясы боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Түрктөрдүн мифологиясы, философиялык-диний ишенимдери боюнча эмгектердин автору. Түрктөрдүн чарбасы, чарбалык уклады, тамак-ашы, кийим-кечеси, турак-жайы ж.б. боюнча каада-салтты, турмуш-тиричилик жана жөрөлгөлөрду чагылдырган эмгектерди жарыкка чыгарган. Мехмет Бахаеддин Өгел 1923-ж. 23-апрелде Элазыг аймагындагы Чаршы айылында жарык дүйнөгө келген. Башталгыч билимди Елазыгда жана Малатияда алган. 1940-41-жылдар аралыгында Анкара университетинин Тил жана тарых-география факултетинин тарых бөлүмүнө тапшырган. Орто Азия түрктөрүнүн тарыхын тандап алып, окуусун андан ары уланткан. Археология, синология жана орус тилдерин жардамчы сабак катары алып, 1945-ж. университетти бүтүргөн. Университеттен соң, Улуттук Билим берүү министрлигине жумушка орношот. 1945-ж. 30-июнда Эрзурум лицейине тарых жана география сабактарынан мугалим болуп жумушка орношот. 1947-ж. профессор Вольфрам Эберхарддын жетекчилиги астында докторлук (кандидаттык) иштерин уланкан. “Уйгур мамлекетинин түзүлүшү” аттуу темада докторлук (кандидаттык) ишин коргогон. 1949-ж. GTTге ассистент катары жумушка алынган. Б.Өгел илим тажрыйбасын байытуу максатында 4 айга Иранга барат, ошол эле жыл Германия өкмөтүнүн стипендиясы менен Германияга жөнөтүлөт. Түркия жана Германияда иштеген жылдарынын натыйжасы катары “Ляо династиясынан мурдагы замандагы киданлар” аттуу доценттик илимий даражадагы эмгегин даярдап, 1957-ж. доцент наамын алган. “Александр фон Гумбольт” атындагы фонддун стипендиясынан пайдаланып, 1959-ж. кайра Германияга келип изилдөө иштерин уланткан. 1961-ж. Тайвань өкмөтү тарабынан Тайпейдеги (Тайвандын борбору) “Улуттук Cheng-chi университетине” мейман-окутуучу катары чакыруу кагазын алат. Тайванда болгон жылдары монография жазганга үлгүрөт. Бахаеддин Өгел 42 жыл бою өз илимий-педагогикалык ишин Анкара университетинде уланткан. Бул жылдар аралыгында билим берүү министрлигинин алдындагы бөлүм жетекчиси, Түркиянын Улуттук коопсуздук кызматында ж.б. мекемелерде иштеген. Кытай тарых булактарын окуп, изилдеп Орто Азия түрк элдерине байланыштуу бир катар маалыматтарды илим айлампасына киргизген.. Б.Өгел илимдин германиялык мектебинин тарыхты изилдөө усулдарын Түркия тарыхчыларына тааныткан алгачкы илимпоздордун бири. Б.Өгел тарых илимине байланыштуу 20 томдук китеп, 120дан ашуун макалаларды жарыялаган. Германия, Англия, Италия, Венгрия, Тайвань, Иран жана СССРдеги илимий жыйындарга катышкан. Немец, англис, кытай, фарси, монгол жана түрк тилдеринде эркин сүйлөй алган. 1989-ж. ооруудан каза тапкан.

Негизги эмгектери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Erzurum Anıtlarında Altay-Türk Anıtlarının İzleri, Erz. Halkevi yay., Erz. 1947.
  2. İslamiyet’ten Önceki Türk Kültür Tarihi (Orta Asya Kaynak ve Buluntularına Göre),TTK yay., Ankara 1962.
  3. Uygurlar ve Uygur Tarihi (Ders Notları), Ankara 1962.
  4. Sino-Turcica (Cengiz Han ve Çin’deki Hanedanın Türk Müşavirleri), Tai-pei 1964
  5. Hunlar, Göktürkler, Uygurlar (Ders Notları), Ankara 1968.
  6. Türk Kültürünün Gelişme Çağları, Cilt I-II, İstanbul 1971.
  7. Türk Mitolojisi (Kaynak ve Açıklamaları İle Destanlar), Cilt I-II, Selçuklu Tarihi ve Medeniyeti Enstitüsü, Ankara 1971.
  8. Türk Kültür Tarihine Giriş, c.I Türkler’de Köy ve Şehir Hayatı,Kültür Bak. Yay.,Ank. 1971.
  9. Türk Kültür Tarihine Giriş, c.II Türkler’de Ziraat Kültürü, Kültür Bak. Yay.,Ank. 1971.
  10. Türk Kültür Tarihine Giriş, c.III Türkler’de Ev Kültürü, Kültür Bak. Yay.,Ank.
  11. Türk Kültür Tarihine Giriş, c.IV Türkler’de Yemek Kültürü, Kültür Bak. Yay.,İst.-Ank.
  12. Türk Kültür Tarihine Giriş,c.V Türkler’de Elbise ve Süslenme Kültürü,Kültür Bak. Yay.,İst.-Ank.
  13. Büyük Hun İmparatorluğu Tarihi,c.I-II, Kültürü Bak. Yay.,Ankara 1982
  14. Türklerde Devlet Anlayışı (13.yy. Sonlarına Kadar),Başbakanlık Bas. Evi, Ankara 1971.
  15. Türk Kültür Tarihine Giriş, c.VI Türkler’de Tuğ ve Bayrak,Kültür Bak. Yay.,Ank. 1984.
  16. Türk Kültür Tarihine Giriş, c.VII Türkler’de Ordu,Ordugâh ve Otağ-Devlet,Kültür Bak. Yay.,Ank. 1984.
  17. Türk Milli Bütünlüğü İçerisinde Doğu Anadolu(İlmi Heyet İle Birlikte),Ankara 1985
  18. Türk Kültür Tarihine Giriş, c.VIII Türkler’de Devlet ve Ordu Mehteri, Kültür Bak. Yay.,Ank 1987.
  19. Türk Kültür Tarihine Giriş, c.IX Türk Halk Musikisi Aletler, Kültür Bak. Yay.,Ank 1986.
  20. Türk Kültürünün Gelişme Çağları, I-II, T.D.A.V. yay. ,İstanbul 1988.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015