Өгүз

Википедия дан
Өгүз.

Өгүз - уйдун эн бези алынган эркеги; ноопаздан кийинки жаштагысы. Унаа катары жана эт алыш үчүн багылат. Өгүз букага караганда жоош, жакшы бордолот. Этке бөлүнгөн музоолор 3-5 айлыгында, унаа катары калтырылгандары 8 12 айлыгында (күзүндө же эрте жазда) бычылат. Эт багытындагы өгүздөн 60% (кээсинен андан да көп) таза эт чыгат. Жумушка 2 жашынан көндүрүлүп, 8-9 жылга чейин пайдаланылат, андан кийин бордолуп семиртилет. Өгүздүн терисинен калын жана бышык булгаары жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]