Өзбекстандын аймагындагы кыргыздар

Википедия дан

Өзбекстандын аймагындагы кыргыздар - өзбекстандын бир катар чөлкөмдөрүндө жашаган кыргыздар аталган аймактардын түптүү, автохтондуу калкы болуп саналышат. Бул чөлкөмдөрдө байырлаган кыргыз уруулары (кыргыздын оң, сол, ичкилик уруулары) эзелтеден көчүп-конуп жүрүшкөн. Тагыраак айтканда, Өзбекстандын азыркы Анжиян, Фергана, Наманган, Бухара, Самаркан, Сырдарыя, Навойи, Жиззак, Ташкент чөлкөмдөрү, Каракалпакстан кыргыз урууларынын эзелтеден көчүп-конуп жүргөн, чарбалык-экономикалык мааниси бар, кыргыздардын согуштук-саясий таасири күчтүү аймактардан болгондугу тарыхый жазма булактарда, илимий адабияттарда чагылдырылып келет. Бүгүнкү күндө кошуна өлкөнүн аймагында статистикалык акыркы расмий маалыматтарга караганда 370 миңден ашуун кыргыздар жашаары маалым. Чындыгында, кыргыздардын жалпы саны бул берилген сандан алда канча көп. Совет доорундагы, андан соңку Өзбекстан көз каранды эмес республикасындагы жүргүзүлгөн ар бир «эл каттоолордо» кыргыздардын саны мурдагы расмий маалыматтарга салыштырмалуу улам азайып келгендиги баарыбызга маалым. Расмий Ташкенттин акыркы маалыматтарында бул өлкөдөгү кыргыздардын саны Өзбекстандагы жалпы калктын 4 % азырагын (учурда өлкөнүн жалпы калкы 25 миллиондон ашуун кишини түзөт) түзүшкөн. 19-к. экинчи жарымындагы айрым жазма булактарга, эл каттоолордун маалыматтарына таянсак, кыргыздар бул аймактардагы негизги этнос болушкан. Маселен, 19-к. аягы, 20-к. баш чендеринде кыргыздар Фергана өрөөнүнүн калкынын эң негизги басымдуу бөлүгүн түзүшкөн. Мисалы, Ош уездинде кыргыздар калктын 98,85%, Маргелан уездинде 29,66%, Наманганда - 25,73%, Анжиянда - 39,66, Кокондо - 6,05 (136,66) түзүшкөн. Бул аймактарда кыргыздар бир кездерде басымдуу көчүлүктү түзүшкөн; кийинки эле маалыматтарга таянсак, 1913- жылы Андижан уездинде - 117774, Кокон уездинде - 26421, Наманган уезинде - 120297, Ош уездинде - 143571, Скобелев (Фергана) уездинде - 87532 кыргыз жашаган, жалпысы - 495595 калкын түзүп, бара- бара кыргыздардын салыштырма саны расмий жана башка маалыматтарда кыскара баштаган. Мындан сырткары, кыргыз этносунун бул аймактардагы санынын кыскарышы табигый, социалдык-экономикалык шарт, жайыттардын кыскарышы, кыргыздардын бир бөлүгүнүн отурукташууга өтүүсү, 20-к. 30-40 жж. жүргөн жапырт коллективдештирүү, кошуна жашаган калктар менен жуурулушуусу жана башка процесстер негизги ролду ээлеген. Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы кыргыздардын өнүгүү жолу башкача айтканда руханий дүйнөсү, каада-салты, тили, жашоо шартына жараша өзгөрүүлөргө дуушар болуп, орун-очок алган региондордун айрым, табигый жана башка өзгөчөлүктөрүнө ылайык негизинен 3 багытка ооп бара жаткандыгын байкоого болот. Өзбекстандын Кыргызстанга чектеш Фергана өрөөнүндөгү Анжиян областына караштуу Коргон-Төбө, Жалал- Кудук, Кожо-Абад, Булак-Башы, Айым, Мархамат жана башка райондорунда кыргыздар эзелтеден чогуу жашап келишет. Фергана өрөөнүнүн Өзбекстан тарабында, тагыраак айтканда, жогоруда аты аталган чөлкөмдөрдө жашаган кыргыздар Кыргызстан менен этностук-маданий, чарбалык-экономикалык, тууган-туушкандык карым- катнаштары кеңири болгондуктан толук этностук өзгөчөлүктөрүн сактап келишүүдө. Ал эми Ташкент, Сыр-Дарыя областындагы кыргыздардын басымдуу бөлүгү казактарга чектеш, аралаш жашашкандыктан, көпчүлүгү казак мектептеринен билим алышкандыктарынан улам, ал жердеги кыргыздарга казактардын руханий дүйнөсү, каада-салты өз таасирин тийгизүүдө.

Үчүнчү топко болсо Жиззак областынын тоолуу райондору кирет. Бакмал, Замин, Достук райондорунда жашаган кыргыздар» өзгөчө тоолуу аймактарда жашагандары тилин, каада-салттарын сактап келишет. Жаштардын басымдуу бөлүгү кыргыз мектептеринде билим алышат. Айрым маалыматтарда бул чөлкөмдө чектеш жашаган казак, өзбек, кыргыз каада-салттары аралашкан абалда өнүгүүдө. Фергана өрөөнүнүн Өзбекстанга караштуу бөлүгүндө жайгашкан Анжиян, Наманган, Фергана облустарынын административдик-аймактык курамдарына кирген кыргыздар жана алардын уруулук курамы жөнүндө маалыматтарга токтолсок: Анжиян облусунун аймагында кыргыздын кыпчак, каңды, бостон, мундуз, кыдырша, найман, кара багыш, мунгуш, бөрү, баргы, тейит, төбөй, кытай, багыш урууларынын өкүлдөрү мекендешет. Аталган уруулар кыргыздын ичкилик, оң жана сол канаттарына киришет. Фергана өрөөнүнүдөгү (Өзбекстан тарабындагы) кыргыз урууларынын өкүлдөрүнүн негизги бөлүгүн кыргыздын кыпчак уруусу түзөт: омонок, кожомшүкүр, кармыш, актачы, жаманак, жарты баш, кызыл аяк, тору айгыр, ак бото. Фергана областынын аймактарын (Вуадил жана башкалар) негизинен кыргыздын ичкилик (Булгачы) урууларынын өкүлдөрү байырлап келишет. Алар: жоокесек, кесек, найман, нойгут, кыдырша, кыпчак, бостон, канды уруулары. Наманган областында: саруу, кушчу, моңолдор, саяк, сарттар, багыш, мундуз, кыпчак жана башка уруулардын өкүлдөрү байырлашат.

Л.Ф.Костенконун маалыматтарында 20-к. аяк чендеринде, Ферганада 70 миңге жакын кыпчак болгон. Ал эми, 1897-ж. эл каттоодо 7584 гана кыпчактар калган. 1850-жылкы Кокон хандыгы тарабынан уюштурулган кыргында 20 000 миңден 50 000 миңге чейин кыпчактар курман болушкан. Бул кыргын кыпчактардын аймактагы салыштырма санынын кескин кыскарышына алып келген. Кокон хандыгынын белгилүү саясий жана аскер ишмери болгон Мусулманкул кыпчактын кулан-кыпчак уругунан чыккандыгы маалым. Кыргыз-кыпчактардын бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен, Жалалабад, Чүй областарында, Тажикстандын Каратегин, Мургаб, Афганистандын түндүк-батыш аймактарында, Кытай Эл Республикасынын Шинжаң Автономиялуу округунда жашап келишет. Кыпчактар кыргыздын башка уруулары сыяктуу эле Чыгыш Түркстандан (16-18-кк.), Фергана өрөөнүнүн (18-19-кк.) саясий турмушуна өтө жигердүүлүк менен катышып келишкен. Фергана өрөөнү жана ага жамаатташ жерлерди, жайыттарды кыргыз уруулары 15-16-кк. өзгөчө жигердүүлүк менен өздөштүрө башташкан. Бул аймактын ыңгайлуу табигый шарты, кенен жайыттары, отурукташкан, жарым көчмөн башка элдер менен соода-сатык алакалары үчүн кыргыздар Жети-Суу, Аулие-Ата, Талас, Кашкар, Алай, Каратегин, Кашка-Дарыя жана башка жерлерден көчүп келүүсү 20-к. биринчи чейрегине чейин уланган Мындан сырткары, Россия империясынын Цин Кытайы менен чек ара маселелерин тактоосу кыргыздардын Чыгыш Түркстандан жана башка жерлерден Фергана жана башка аймактарга жылдык салттуу көчүүсүнө терс таасирин тийгизген. Тагыраак айтканда, 19-к. экинчи жарымынан көп кылымдык жер которуштурган көчүү багытына бөгөт коюлган эле. Көпчүлүк ыңгайлуу жерлер пахта, жана башка айыл чарба талааларына айлантылган, сууга, жайытка ыңгайлуу жерлер Россия империясынын түпкүрүнөн көчүрүлгөн орус, украин жана башка келгин дыйкандарга таратылып берүүсү да жайыттардын, кыштоолордун кыскарышына алып келген; бул процесс да кыргыздардын бир бөлүгүнүн отурукташуусуна шарт түзгөн. 1902-ж. «Фергана областынын жыл баяны» берген маалыматтарга таянсак, бул өрөөндөгү 300 000 кыргыздардын 200 000 отурукташууга өтүп, жер иштетип, дыйканчылык менен кесиптене башташканын кабарлаган. Бул мезгилде кыргыздар саны боюнча Фергана областында сарттардан кийинки орунда турган. «Сарт» - санскрит (байыркы индия) тилинде «соодагер» маанисин туюнтуп, көчмөн түрк элдери тарабынан отурукташкан, жер иштетишкен түрк-иран тилдүү калкка берилген энчилүү ат экендиги илимде эбак белгилүү. Ал- бетте, жогоруда айтылып өткөндөй, бул процесс Кыргызстандын Россияга букаралыкка өтүүсү, Цин империясы менен Чыгыш Түркстан боюнча өткөн чек аралардын такталышы менен байланышкан. Айрым изилдөөчүлөр кыргыздардын отурукташуусу эки натыйжага алып келгенин белгилешет:

  1. Кыргыздардын биринчи отурукташкан толкунунун мурда отурукташкан сарттар менен толук аралашып кетиши аларды жуурулушкан (ассимиляция) абалга алып келген.
  2. Ортоңку аймакта кийинчерээк отурукташууга өткөн кыргыз ареалдарынын пайда болуусу. Ошол эле отурукташкан калкка көчмөн өзбектер, кыпчактар, түрктөр, каракалпактар, казактар аралаш жашагандыктан, алардын да жуурулушуп бараткандыгын белгилөөгө болот. Ч.Ч. Валиханов Фергана аймагында 19-к. көчүп-конуп жүргөн кыргыздардын материалдык жана руханий маданиятына отурукташкан калктын тийгизген таасирин белгилеп, акыркылардын тили жагатай (Чагатай) тилине жакындап калгандыгын белгилеген. Изилдөөчү бул кыргыздардын кадыресе жер иштетип, дыйканчылык кылгандыгын жазат. Түркстан крайынын эсепке алган (ревизиялык) материалдарында Кокон уездиндеги Нойгут-Кыпчак волостундагы кыргыздар сарттардын тилин (түрк-иран тили) өздөштүрүп, кыргыз адатынын ордуна диний шариятты кабыл алышкандыгы жана каада-салтта отурукташкан калк менен бирдей болуп калгандыгын белгилеген. Ал эми кыргыздардын тажик (иран) тилдүү сарттар менен кошуна жашоосу, биринчилердин тилине жана каада- салтына тажиктердин таасири тийгизгенин белгилеген. Исфара жана Канибадам волостторунда отурукташууга өткөн кыргыздар ошол чөлкөмдөгү көп сандуу сарт-тажиктердин курамына жуурулушуп кеткен. Ошондой болсо дагы кыргыздардын башка элдерге жуурулуп кетүү процесси массалык мүнөзгө ээ болгон эмес. 19-к. отурукташууга жана жарым көчмөн абалына өткөн кыргыздар бүгүнкү күнү да өз тилин, маданиятын жоготпой сактап келишет. Орто Азия аймагында Совет бийлиги орногондон кийин чек ара тактоо жана аны турмушка ашыруу бул аймактарды мекендеген кыргыздардын тагдырына да терс таасирин тийгизди. 20-30-жж. чек араны тактоо жана аны жөнгө салуу иштеринин жүрүшү кыргыздар жашаган бүтүндөй бир аймактардын Өзбекстан, Тажикстандын административдик-аймактык башкаруусуна баш ийип калуусу, бир калк катары өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизди. Мисалы, Анжиян областынын курамына кирип калган Хан-Абад, Жалал-Кудук, Коргон- Төбө, Булак-Башы, Мөнөк жана башка волостторунун калкынын дээрлигин кыргыздар түзгөн. Анжиян уездиндеги отурукташкан айылдардын жалпы саны 201 кыштак болсо, улуттук өзгөчөлүгүнө жараша алар төмөндөгүдөй абалда болгон: кыргыздар -138 айыл, өзбек жана сарттар - 38, орустар - 12, тажик - 1, түрк - 4, кашкарлык - 4, аралаш жашагандар - 4 айылды түзүшкөн. Демек, аймактагы калктын улуттук өзгөчөлүгүн эске албай административдик-аймактык бирдиктерге бөлүү (1924-1927-жж.) өз учурунда СССРдин курамына кирген Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы өтө таатал этнотерриториялык талаш-тартыштарды пайда кылган. Албетте, бул багытта атайын иш алып барышкан комиссиялар бир топ татаал маселелерди чечүүгө аракет кылышкандыктарын белгилөө зарыл. Жыйынтыгында, татаал этнотерриториялык талаш-тартыштардын натыйжасында Фергана өрөөнүнүн 50 өзбек, 14 сарт айылдары Кыргызстанга, 100гө жакын кыргыз, 28 кыпчак, 17 түрк, ондогон кара калпак, курама жана башка айылдары Өзбекстандын административдик башкаруу аймагына өтүп кеткен. Бүгүнкү күнү Фергана өрөөнүнүн Өзбекстан тарабында калган кыргыздар жашаган айрым айылдарда гана Улуттук мектептер, маданий борборлор сакталып келет. Акыркы он жылдыктагы коңшу өлкөнүн бул маселеге толук көңүл бөлбөгөндүгү ушул маселени ого бетер татаалдатып койду. Эгерде уруулук отурукташууга көңүл бурсак, Фергана өрөөнүнүн Өзбекстан тарабындагы аймактарында негизинен кыпчак (Коргон-Төбө, Айым, Жалал-Кудук, Ханабад жана башка райондор), чоңбагыш, нойгут (Кокон району), жоокесек (Вуадил району), мундуз (Айым, Жалал-Кудук райондору), кара багыш (Ханабад), найман (Ханабад, Жалал-Кудук, Вуадил, Мархамат жана башкалар), кыдырша (Ханабад), саруу, моңолдор (Чуот, Касан-Сай), тейит (Ханабад, Жалал-Кудук жана башкалар), бостон (Мархамат жана башкалар) жана башка кыргыз урууларынын өкүлдөрү байырлап келишет. Ташкент облустунда да бир топ сандагы кыргыздар жашап келишет. Ташкент кыргыздары негизинен облустун чыгыш жарымында, Чаткал кырка тоолорун ыктай жайланышат. Алар анын Бөкө, Пушкин, Чыйрычык (Чырчык), Паркен, Орджоникидзе райондорунун Мискен, Чымген, Күмүшкен, Кабардан, Политотдел, Рават, XX партсъезд, Дарман деген жерлерде (мурдагы колхоз-совхоздордун административдик аймактарында) жашашат. Болжол менен бул жердеги кыргыздардын саны 25 миңге чамалап барат. Ташкенттик кыргыздар жалпы жонунан өздөрүн «чапкылдыктар» дешет. «Чап» - сол, «кол» - «сол колдогулар», «сол канаттагылар» деген маанини туюнтат. Чапкылдыктардын бир бөлүгү Баткен областындагы Лейлек, Баткен, Жалалабаддын Сузак райондорунун аймактарын байырлашат. Чапкылдыктар - кыргыз урууларынын генеалогиялык классификаңиясында ичкилик (Булгачы) уруулук тобуна киришери маалым. Мындан сырткары, ушул эле аймакта кыргыздын ават, оргу, нойгут уруулары жашашары аныкталган. Ошол жердеги информаторлордун айтымында, чапкылдыктардын тууган-тушкандары Анжиян, Кокон, Сүлүктү, Лейлек, Кызыл-Кыяда жана башка жерлерде жашашат. Бул факт кыргыздардын Фергана аймагынын чөлкөмдүк ич ара миграциясын чагылдырат. Ташкендик кыргыздар мурун Чаткал кырка тоолорунун батыш капталынан орун алган Нурек-Ата, Ак- сак-Ата деген абдан кооз жерлерде жашашыптыр. Уламыштар боюнча: Нурек-Ата, Аксак-Ата, Берки-Ата, Көк-Терек-Ата, Көк-Ата, Ак-Билек-Ата, Арап-Ата-жетөө тең бир атанын балдары экен. Бул жерлер кээде жалпы жонунан Алтын-Бел деп аталат. Сыр-Дарыялык кыргыздар негизинен Сыр-Дарыя, Жиззак облустарынын ай- мактарында жашашат. Бул чөлкөмдө кыргыздын ичкилик уруусуна кирген тейит, кесек уруусунун өкүлдөрүнүн бир бөлүгү жашайт. Алардын жайгашкан жерлери Заамин, Бакмал, Достук, Ильич райондорунун аймактары. Тейиттердин уруулук курамы жергиликтүү информаторлордун берген маалыматтарында төмөндөгүдөй бутактарга бөлүнөт: бай-тейит, сары тейит, кара тейит, жаман тейит, ак чал тейит, жуман тейит, кыпчак тейит, хан тейит, кесектейит жана башкалар. Сыр-Дарыялык тейиттердин уруулук курамы Лейлек, Каратегин кыргыздардагы тейиттердин уруулук курамы менен толук дал келет. Бул факт тейиттердин өтө кенен ареалдагы таралуусун чагылдырат. Тейиттердин айрым бөлүктөрү Түндүк Афганистан жана Кытайда (Чыгыш Түркстан) да байырлашары жөнүндө маалыматтар бар. Бай тейиттер тууралуу төмөндөгүдөй ылакап кеп бар: «Кутукенин баласын мылтык берип зоого кой, Абай менен Манакты маңдайлашкан жоого кой, Кашкаларды чечилбес кара доого кой, Куталынын жигитин чалкалатып ашка кой же болбосо, чара менен башка кой». Сыр-Дарыялык кесектер негизинен бай кесектер (бай кесек - кесек уруусунун эң ири уругу) деп аталышат. Айрым информаторлор алардын тегин тейиттерден таратышат. Бирок бул көз караш далилдөөнү талап кылат. Кесек - кыргыздын ичкиликтер уруусунун курамындагы эң ири уруулардын бири. Сыр-Дарыялык кесектер 12 уруктан турушат. Алар төмөнкүлөр: чүчүк, тагайберди, кызыл аяк, кара кесек, кара молдо, сибирчи, таздар, бөксө, ават, найман, чапкылдык, чувулдак. Бул кесектердин уруулук курамы Баткен, Лейлек, Каратегиндеги кесектердин уруулук курамынын аталышы менен толук дал келет. Кесектер Чыгыш Түркстанда да бар экендиги маалым. Демек, аталган кенен аймактардагы кыргыздардын этностук негизи бир дегенге толук негиз бар. Ташкенттиктерден айырмаланып, Сыр-Дарыялык кыргыздардын негизги бөлүгү тоодо жашашат. Ошондуктан аларда тил, улуттук каада-салттар тазараак сакталып калган. Элдик уламыш, легенда, ал турсун устачылык (темир уста) өнөрү да жоголгон эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]