Өзгөн элдик театры

Википедия дан

Өзгөн элдик театры - Кыргызстандагы элдик театрлардын бири. 1962-ж. Өзгөн шаарында уюшулган. Театр коллективин өздүк көркөм чыгармачылык ийримдери менен Жалал-Абад театрынын (жабылгандан кийин) айрым актёрлору түзгөн (1962-ж.) Ушул эле жылы «Өзгөн элдик театры» деген наам берилген. Анда Ж. Бөкөнбаевдин «Алтын кыз», Р. Шүкүрбековдун «Акындын үмүтү», Т. Абдумомуновдун «Ашырбай», Б. Жакиевдин «Алтын аяк», Н. Байтемировдун «Уркуя», М. Тойбаевдин «Атанын баласы» ж. б. спектаклдер коюлган. Коллектив спектакль менен бирге концерт программаларын да тартуулашат. Көрүнүктүү актёрлору: А. Базарбаев, А. Дубанаев, М. Оморов, Т. Осмонов, А. Султанов ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]