Өзгөчө жетишкендиктер сыйлыгы

Википедия дан

Өзгөчө жетишкендиктер сыйлыгы (англ. Breakthrough Prize) - илимий жетишкендиктер үчүн "Өзгөчө жетишкендиктер" сыйлыгынын башкаруучу кеңеши тарабынан үч багыт боюнча ыйгарылган эл аралык сыйлыктардын топтому.

  • Табигый илимдер боюнча Өзгөчө жетишкендиктер сыйлыгы
  • Фундаменталдык физика боюнча Өзгөчө жетишкендиктер сыйлыгы
  • Математика боюнча Өзгөчө жетишкендиктер сыйлыгы

Аталган сыйлыктар Сергей Брин, Энн Вожицки, Марк Цукерберг, Присцилла Чан, Юрий Милнер, Жулия Милнер, Жек Ма жана Кэти Жаң тарабынан түзүлгөн. Мурдагы лауреаттарын комитеттери жеңүүчүлөрдү көрсөтүлгөн талапкерлердин арасынан онлайн жана жалпыга ачык болгон жараянда тандашат.

Лауреаттардын ар бири 3 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү сыйлыкка ээ болот. Алар жетишкендиктерин майрамдоого ылайыкталган сыйлык тапшыруучу телекөрсөтүүгө катышып, окумуштуулардын кийинки муунун шыктандырышат. Ошондой эле аземдин бир бөлүгү катары алар доклад жана талкуу программаларына катышышат. Жаңы эле ачылыш жасаган адамдар болочоктогу Өзгөчө жетишкендиктер сыйлыгына катышуу мүмкүнчүлүгүн алышат.

Байге[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байге сүрөтчү Олафур Элиассон (дан. Olafur Eliasson) тарабынан жасалган. Элиассондун көпчүлүк эмгектери сыяктуу бул айкел көркөм өнөр менен илимдин ортосундагы орток чөйрөнү изилдейт. Ал тороид формасында жасалып, кара тешиктер, галактикалар, деңиз үлүл кабыктарын жана ДНКнын орому сыяктуу табигый калыптарды эске салат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]