Өздүк кыймыл

Википедия дан

Өздүк кыймыл (Самодвижение), Өз кыймылы, ички кыймыл, тубаса кыймыл ички карама-каршылыктардын күрөшүнөн келип чыккан табияттагы жана коомдогу кыймылды билдирүүчү философиялык категория. Табияттагы, коомдогу бардык кубулуштардын өзгөрүүлөрүнүн негизги себеби кандайдыр бир сырттан болгон күчтүн таасирине байланыштуу болот деген түшүнүккө карама-каршы келген көз караш. Байыркы материалисттер кыймылды жаратылыштын өзүнө таандык касиет катары карап, алардын дайыма биригип жана ажырап тура тургандыгын түшүндүрүүгө аракеттенишкен.

Философиянын тарыхында дүйнөнүн пайда болушу жана дүйнөлүк процесстердин өнүгүшүнүн башкы себеби түшүнүксүз болгон учурлар арбын кездешкен. Ички кыймыл жана өздүк өнүгүү диалектикалык материализмде ажырагыс түшүнүктөр, ал коомдук жана табигый өнүгүштүн бүткүл тармактарында кездешкен көрүнүш. Ички карама-каршылык күрөшүнүн натыйжасында коомдогу кыймыл-аракеттин өзгөрүшүн туюндуруучу философиялык түшүнүк. Диалектикалык материализм коомдогу жана табияттагы ички карама-каршылыктардын күрөшү Өздүк кыймыл негизин түзөрүн аныктады. Өздүк кыймыл тышкы себептердин кыймылдын өзгөрүшүнө тийгизген таасирин танбайт, алардын жардамчы милдетин гана көрсөтөт. Өнүгүүнүн булагы методика жана механикалык материализмде тышкы себептер болот.

Кыймылдын башатын Р. Декарт менен И. Ньютон кудайга такашса, Г. Гегель өздүк кыймылга идеалисттик түшүндүрмө берген. Табият таануу илимдеринин өнүгүшү диалектикалык материализмдин Өздүк кыймыл тууралуу жобосун ырастады (биологияда ассимилиция жана диссимилиция, физикада радио-активдүү бөлүнүү ж. б.). Тигил же бул системанын Өздүк кыймыл анын уюмдашуу деңгээлине жараша болот, система канчалык жогору деңгээлде уюмдашса, өз алдынчалык ошончолук өнүгөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]