Өздүк маани

Википедия дан

Өздүк маани, өздүк сан, мүнөздөгүч сан, мүнөздөгүч тамырвектордук мейкиндиктеги А сызыктуу оператору (өзгөртүүсү) үчүн Ах=λх шартын канааттандыруучу λ саны. Мында х вектору нөлгө барабар эмес жана А векторунун өздүк вектору деп аталат. Берилген четки шарттуу L(y) дифференциалдык операторунун өздүк мааниси болуп ушул четки шартты канааттандыруучу X саны аталат; бул учурда L(y)= λу теңцемеси нөл эмес чыгарылышка ээ болот. Оператордун өздүк мааниси анын матрицасынын өздүк мааниси болот. А операторунун матрицасы (а.) болсо, мында i, j= 1, 2,...n А операторунун өздүк мааниси det(a jј-λd jј)=0 мүнөздөгүч теңдеменин тамырлары болот. Мүнөздөгүч теңдеме n ар түрдүү тамырга ээ болсо, ал өздүк маанилерге туура келүүчү өздүк векторлор сызыктуу көз каранды эмес ар түрдүү векторлор болот. Мындай векторлор мейкиндиктин базиси үчүн кабыл алынса, анда оператордун матрицасы диагональ түрүндө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]