Өздөштүрүү

Википедия дан

Өздөштүрүү - тилдик байланыштардын жыйынтыгында бир тилдин элементтеринин башка тилге өтүшү, сиңиши (сөз, морфема, синтаксистик түзүлүш ж.б.).

Өздөштүрүү өздөштүрүүчү тилдин системасына ылайыкташат жана алардын кабыл алынышы кадыресе боло берүүчү көрүнүш. Мындай сөздөрдүн башка тилдик теги бул тилдүү элдерге байкалбайт жана этимологиялык анализдөөнүн жардамы менен гана аныкталат. Мис., орус тилине кирген эски түрк сөздөрү (тюркизмы); "башмак", "ватага", "казак", "карандаш" "очаг" орустукундай эле сезилет. Толук өздөштүрүлгөн сөздөр чет сөздөрү деп аталуучу башка тилдерден кирген сөздөрдөн айырмаланат. Чет сөздөрү тыбыштык, орфографиялык, грамматикалык жана семантикалык жактан өздөрүнүн четтик тегинин издерин сактайт. Чет сөздөрү, эң башкы-сы, билимдин өзгөчө тармактарына же өндүрүшкө байланыштуу кирет. Кээде алар бөтөн элдерге же өлкөлөргө таандык түшүнүктөрдү (этнографизмдер, регионализмдер, экзотизмдер) билдиришет.

Тилдердин өзара таасиринин узакка созулган тарыхы, алардын арала-шуусу көптөгөн тилдердин лексикасында өздөштүрүү маанилүү орунду ээлерин көрсөтөт.

Элдердин маданий жана экономикалык байланышынын негизинде тил-дердин өзара таасиринин күчөшү тектеш жана тектеш эмес тилдерде интернационалдык сөздөрдүн өзгөчө фондунун түзүлүшүнө алып келет. Европа тилдеринде интернационалдык сөздөрдүн негизги фондун грек, латын тилдеринен өздөштүрүлгөн сөздөр ээлешет, Жакынкы жана Ортоңку Чыгышта – араб жана перс тилдеринен, Ыраакы Чыгышта кытай тилдеринен. Интернационалдык сөздөр, айрыкча, илимдин жана техниканын ар кайсы тармактарындагы атайын терминологиянын катарына сиңишет.

Өздөштүрүүнүн жолдору оозеки, китептик, жазуу түрүндө болот. Сөздөр жазуу түрүнө караганда, оозеки кабыл алынышында өзүнүн сырткы кейпинде көп өзгөрүүлөргө дуушар болот. Эгерде сөз жаңы нерселер же түшүнүктөр менен бир мезгилде башка элдердин тилине кирсе, анда кабыл алынган бул сөздүн мааниси өзгөрүүгө дуушар болбойт. Бирок тилде бар сөзгө синоним катары жаңы сөздөр кирген учурда, бул эки синоним сөздөрдүн ортосунда маанилер чектелет жана жылышуулардын келип чыгыш семантикасы байкалат.

Өздөштүрүүгө жакын сөздөр калькага (структуралык өздөштүрүү) ык-ташат, анда өздөштүрүлүүчү структура төл сөздөргө жана төл сөздөрдүн сырткы көрүнүшүнө окшошот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4