Өзүбек Абдыкалыков

Википедия дан
Өзүбек Абдыкалыков


Акын Өзүбек Абдыкалыков Кочкор районунун Талаа-Булак айылында 1954-жылы 3-июнда туулган. 1976–1978-жж. Баку шаарында Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Эмгек жолун Кочкор районунун К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1976-жылы алгачкы чыгармасы «Мугалимдер газетасына» басылган. Эки жыйнактын автору. «Адамдарга кайрылуу» аттуу биринчи китеби 1996-жылы жарык көргөн. 1996, 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги» болгон. Балдар үчүн жазылган «Уя» аттуу аңгемелер жыйнагы 2010-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан уюштурулган сынакта баалуу сыйлыкка татыган. 2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдарга кайрылуу: Ырлар. – Б.: Кыргызстан, 1996. – 210 б. Кырк жетинчи чакырым: Ырлар. – Б.: Мектеп, 2001. – 317 б. Уя: Балдар үчүн аңгемелер. – Б.: Турар, 2010. – 63 б.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын жазуучулары / 2-том. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) – Б.: 2011. – б. Түзүүчүлөр: А.Чекиров, Ө.Калыева.