Өзүн-өзү уюштуруу
Өзүн-өзү уюштуруу (Самоорганизация) натыйжасында үзгүлтүксүз татаал кыймылдагы өнүгүүнүн уюмдашуусу пайда болгон, калыбына келген ж-а өркүндөтүлгөн процесс.
Өзүн-өзү уюштуруу процесси өз ара бекем эмес, ыктымалдуу (мүмкүн болгон) тартипте байланышкан жогорку деңгээлдеги татаал түзүлүшкө ж-а көп сандаган элементтерге ээ системада гана болушу мүмкүн. Өзүн-өзү уюштуруу касиети жаратылышта арбын кездешет. Алсак, тирүү клеткалар, биологиялык көбөйүү (таралуу), организм, биогеоценоз, адамдар жамааты, ж. б. Өзүн-өзү уюштуруу процесси болгон нерселердин кайра жаралышы ж-а алардын ортосунда жаңы байланыштардын уюшулушу аркылуу жүрөт. Өзүн-өзү уюштуруу процессине мүнөздүү өзгөчөлүк, бул – алардын максатка багытталгандыгы, ошону м-н катар эле анын табигый ыгы, ички себептерге баш ийгендиги: бул көрүнүштөр айлана-чөйрө м-н байланышта болгон м-н, белгилүү даражада ага көз каранды эмес, өз алдынчалыкка ээ. Өзүн-өзү уюштуруунун 3 түрү бар: Биринчиси – уюмдашуунун жаралышы (Мис., бир клеткадан жаралган көп клеткалуу организмдин генезиси); экинчиси – анын жашоосунун ички ж-а сырткы шарттарынын өзгөрүү учурунда уюмдашуунун белгилүү бир деңгээлин камсыз кылуучу системага ээ болушу, үчүнчүсү – өткөн тажрыйбаны топтоо ж-а пайдаланууну өркүндөтүп, өстүрүү. Өзүн-өзү уюштуруу маселесин изилдөө алгач кибернетикадан башталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8