Өзүн өзү каржылоо

Википедия дан

Өзүн өзү каржылоо фирма (ишкана, компания ж.б.) учурдагы өзүнө тиешелүү чыгымдарын гана жаппастан анын ээлигинде калган пайданын эсебинен негизги фондуларды кеңейтүүгө кеткен чыгымдарды жаба алган чарба жүргүзүүнүн системасы.

Өзүн өзү каржылоонун шартында фирманын техникалык жактан өнүгүүсү, материалдык кызыктыруу жана эмгек жамаатынын социалдык өнүгүүсү пайданын жана банктын насыясынын эсебинен жүргүзүлөт. Мындай шарттагы фирманын ишмердүүлүгүн баалоочу көрсөткүч жана өндүрүшкө, социалдык өнүктүрүүгө чыгымдардын жападан жалгыз булагы болуп пайда эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9