Өзү дүүлүгүү

Википедия дан

Өзү дүүлүгүү (Электр маши­на генераторунда) — якордун (ротордун) оромунан электр тогун алып, генератордун башкы уюлдарында электр талаасынын пайда болушу.

  • Туруктуу ток генераторунда Өзү дүүлүгүү кеңири учурайт. Өзү дүүлүгүү генераторду ишке киргизгенде дүүлүктүрүү оромундагы алгачкы ток башкы уюлдардын калдыктуу магнит талаасы аркылуу якордун оромунда түзүлгөн өзү дүүлүгүүнүн эсебинен пайда бо­лот.
  • Бул ток магнит талаасын күчөтөт, андан Өзү дүүлүгүүнү көбөйтөт. Кошумча магнит агымы якордогу э. к. к-үн көбөйтөт.
  • Мындай процесс генера­тордун чыцалуусу туруктуу болгонго чейин улана берет.
  • Өзү дүүлүгүү якордун оромуна салыштырмалуу башкы уюлдардын оромдорун параллель, удаалаш жанa айкалышкан туташтырууда колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.