Өз ара күчтүү аракеттешүү

Википедия дан

Өз ара күчтүү аракеттешүү – элементардык бөлүкчөлөрдүн фундаменталдуу төрт өз ара аракеттешүүсүнүн бири.

Өз ара күчтүү аракеттешүүнүн радиусу r ~ 10–13 см. Жогорку энергиялуу ядролордун же нуклондордун кагылышында Өз ара күчтүү аракеттешүү көп сандагы ядролук реакцияга алып келет. Мында төрт нуклондун гелийдин ядросуна биригүү реакциясынын (термоядролук синтезде) мааниси зор. Ал реакция Күндө жүрөт, Жерде болсо энергияны алуунун булагы болуп эсептелет. Нуклондор кагылышканда бир нече жүздөгөн МэВ энергиядан тартып, π-мезонду, андан да чоң энергиялуу бөтөнчө бөлүкчөлөрдү (к-мезондор гиперондор) жана көптөгөн мезон менен барион резонанстарын жаратат. Бардык Өз ара күчтүү аракеттешүүшүүчү бөлүкчөлөр адрондор деп аталат. Адрондор кварктардан (мезондор кварк менен антикварктан, ал эми бариондор үч кварктан) турат, кварктын арасындагы күчтөр глюондордун алмашышы менен шартталат. Бизге белгилүү бардык адрондор беш типтеги түрдүү кварктан (U, d, S, C, b) турат. Эркин кварктар табыла элек. Кванттык хромодинамиканын негизинде кварктар адрондордон бошоно албайт, алар ~10-13см өлчөмүндөгү адрондордун ичинде болот. Кварктын мындай касиети глюондор менен байланыштуу. Адрон күчтүү импульска ээ болуп, процесске катышканда өз ара аракеттешүү адрондун ичинде жүрөт. Бул учурда кварктын глюондор менен Өз ара күчтүү аракеттешүүсү жана кварктардын өз ара аракети начарлайт, жана энергиялуу бөлүкчө менен кварктын кагылышуусунда коңшу кварктар начар аракет этет. Кварк импульсунун күчтүү аракетинде эркин бөлүкчөлөр гана кагылышат. Кварктар менен глюондордун бул касиети асимптотикалык эркиндик деп аталат. «Улуу биригүү» теориясын түзүүдө бир нече теориялык схемалар бар. Бул схемада негизинен лептондор, кварктар вектор аралык бозондор, фотондор жана глюондор каралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]