Өз ара электр-магниттик аракеттешүү

Википедия дан

Өз ара электр-магниттик аракеттешүү – электр-магнит талаалары катышуу менен мүнөздөлүүчү өз ара аракеттешүүнүн (гравитациялык, начар жана күчтүү түрлөрү) фундаменталдуу тиби.

Электр-магнит талаасы (квант физикада – фотон) өз ара аракеттешүүдө нурланат, же жутулат, же бири бирине айланат. Заряддалган бөлүкчөлөрдүн бири-бири менен тартылуусу же түртүлүүсү электр талаасынын аракети менен шартталат. Өз ара электр-магниттик аракеттешүүнүн жардамы менен заттын атомундагы жана молекуласындагы оң заряддалган ядролордун жана терс заряддалган электрондордун өз ара аракеттешүүлөрү ишке ашырылат жана ал микро системалардын туруктуу абалынын мүмкүндүгүн аныктайт. Өлчөмү электрондун электр зарядынын чоңдугу аркылуу туюнтулат. Өз ара электр-магниттик аракеттешүүгө макроскопикалык кубулуштардагы көпчүлүк күчтөр – серпилгич, сүрүлүү күчтөрү, суюктуктардагы беттик тартылыш ж. б. келтирилет. Заттын түрдүү агрегаттык абалынын касиеттери, химиялык айлануулар, электр-магниттик, оптикалык кубулуштар Өз ара электр-магниттик аракеттешүү менен аныкталат. Ядронун дүүлүккөн абалы, электрондордун, позитрондордун жана мюондордун серпилгичтүү жана серпилгичтүү эмес чачыроосу ж. б. электр-магниттик жаратылышка ээ. Өз ара электр-магниттик аракеттешүү электр-техникада, радио-техникада, электроникада, оптикада, кванттык электроникада кеңири колдонулат. Электр-магниттик талаасы, начар аракеттешүү орун алган кубулуштар Максвелл теңдемеси аркылуу түшүндүрүлөт жана классикалык электр-динамиканын закондоруна баш иет. Ал эми күчтүү жана тез алмашылуучу талааны кванттык кубулуштар аныктайт. Фотондун энергиясы ε=hω, импульсу Р=( hω /с)n, мында n − бирдик вектор, ω − айланма жыштык. Бүтүн сандуу спинге ээ болгон фо-тондор Бозе−Эйнштейн статикасына баш иет. Фотондор менен заряддалган лептондордун арасындагы өз ара аракеттешүү кванттык электр-динамикасынын теңдемеси аркылуу түшүн-дүрүлөт. Адрондор менен ядролордун Өз ара электр-магниттик аракеттешүүлөрүндө күчтүү аракеттешүүлөр негизги роль ойнойт. Кванттык кубулуштарда Өз ара электр-магниттик аракеттешүү «күчүн» элементардык электр заряды (е ≈ 4,8 ⋅10-10 СГСЭ заряд бирдиги), өлчөмсүз параметр α=е2/hc ≈≈1/137 (туруктуу жука структурасы) аныктайт. Сакталуу закону жана фотондордун касиети Өз ара электр-магниттик аракеттешүүнүн өзүнө тиешелүү өзгөчөлүгүн аныктайт. Жумшак электр-магниттик процесстерде фотон системада кварк антикваркка өтөт, мында адрондор кварктар менен өз ара аракеттешет. Ал эми катуу процесстерде өзүн эркин бөлүкчөлөр катары алып жүрөт. Бул кубулуш кварктар менен глюондордун өз ара аракеттешүү теориясын – кванттык хромодинамиканы түзүүгө негиз болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]