Өз менчик (социализмде)

Википедия дан

Өз менчик (социализмде) — жеке муктаждыкты канааттандыруучу, эмгек кирешесине, тапкан акчага, керектелүүчү буюмдарга, ошондой эле жеке жанa үй чарбасында пайдаланылуучу айрым эмгек каражаттарына карата соц. коом мүчөлөрүнүн өзүмдүк менчигинин негизги формасы.

Граждандардын Өз менчики — өлкөнүн улуттук байлыгынын составдык бөлүгү. Со­циализмде Өз менчиктин негизги калыптаныш булагы — жумушчулар менен кызматкерлердин эмгек акысы, колхозчулардын акчалай кирешеси, коомдук керектөө фондулардан алынган кирешелер (пенсия, пособиелер. стипендия) жана өз көмөк чарба.

Акысыз жанa чала акысыз төлөө (билим алуу, мед. жардам ж. б.) Өз менчиктин көлөмунө таасир тийгизет. Өз менчиктин жатып ичерлик, коомдук пайдалуу иштен баш тартуу каражатына айланышына да, адамдардын Өз менчикинин көлөмүнун бири биринен кескин айырмасы болушуна да соц. коом жол бербейт. Соц. өлкөлөрдө Өз менчикти закон коргоп, анын көлөмүн, туура пайдаланылышын, коомдук кызыкчылыкка каршы багытталбастыган ар түрдүү укук каражаттары көзөмөлдөйт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.