Өйкөлүү

Википедия дан
Өйкөлгөн буттар

Өйкөлүү — бир нерсенин механикалык таасиринен теринин айрым бөлүктөрүнүн сезгениши.

Бут кийим[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бут кийим тар болсо согончок, бут манжалары жарылып, ал узак убакка чейин айыкпайт. Тар кийим кийгенде колтукта, моюнда, кайык айдаганда, күрөк менен иштегенде алакан өйкөлөт. Күн ысык мезгилде алакан жана таман тердеп өйкөлүүгө шарт түзүлөт. Өйкөлгөн тери алгач кызарат, шишип ооруйт, суюктук толгон ыйлаакчалар пайда болот. Ыйлаакча жарылганда ал жер сууланып, кызарат, кокус инфекция түшсө, ириңдеп, кетиши мүмкүн.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өйкөлүп, шишип, кызара баштаган жерди марганцовканын мала эритмесине салыш керек, 2%түү бор кислотасы менен жууп, упа сээп же ар кандай бет майды («атласный», балдар бет майы) сүрткөн оң. Эгерде ыйлаакча пайда болсо аны бриллиант жашылы менен жакшылап тазалап, ыйлаакчаны жарып стерилдүү даки менен таңып же бактерициддик пластырь жабыштырып койсо да болот. Көп жер өйкөлүп кабылдап кеткен учурларда токтоосуз врачка кайрылуу талап кылынат. Сүрүлүп, өйкөлүп, жооруп калууну алдын алууда бут кийимдерди туура тандап, башка кийимдерди да денени кыспагандай кенен кийген жакшы. Кийген кийим адамдын кыймыл-аракетине тоскоол болбос керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8