Өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ)

Википедия дан

Өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ) - коммерциялык эмес, өз ыктыяры менен уюшулган жергиликтүү, мамлекеттик же эл аралык деңгээлдеги атайын институт. ӨЭУ ар кандай багыттагы маселелерди чечет, карапайым адамдардын муктаждыгын канааттандыруу же арыз-арманын өкмөткө жеткирүү, жергиликтүү милициянын (полиция) үстүнөн коомдук көзөмөл жүргүзүү жана жергиликтүү элди саясий турмушка активдүү катыштырууга жардамдашуу ж. б. иштерди жүргүзөт. Ошондой эле айрым саясий маселелерге эксперттик баа жана анализ берип, эл аралык милдеттенмелерди аткарууну көзөмөлгө алат. 1500гө жакыны ӨЭУ атайын статус менен БУУнун Секретариатынын алдындагы Коомдон маалымат алуу департаменти (КИД) аркылуу иш алып барып, дүйнөнүн бардык булун-бурчунан кабар алып турат. КМШ өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда ӨЭУ СССР кулагандан кийин пайда болгон. Негизги милдети маалымат менен камсыз кылуу (тренинг, семинар, дебат, консалтинг ж. б.) коомдун кызыкчылыгын көтөрүү (эдвокас, лоббизм), укуктук жагынан жардамдашуу ж. б. Кыргызстанда «Кризис борборлорунун ассоциациясы», «Жарандык коомду колдоо борборунун ассоциациясы», «Кызыл жарым ай» коому ж. б. ӨЭУ бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]