Өкмөттөр аралык эларалык уюмдар
Көрүнүш
Өкмөттөр аралык эларалык уюмдар – эларалык келишимдин же башка уюштуруучу актынын негизинде, өкмөттөрдүн белгилүү бир эларалык маселелерди чечүү боюнча аракеттерин координациялоо жана аркыл социалдык түзүлүштөгү мамлекеттердин ар тараптуу кызматташууларын өнүктүрүүгө өбөлгө болуу максатында түзүлгөн мамлекеттердин туруктуу бирикмеси. Эларалык уюмдардын баардык белгилерине ээ. Ө. а. э. у. бүткүл дүйнөлүк (БУУ, ЮНЕСКО, ЭЭУ, ЭЭББ, ЭДУ ж. б.) жана аймактык (ЛАГ, ОАЕ ж. б.) болуп бөлүнөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7