Мазмунга өтүү

Өкүл

Википедия дан

Өкүл – 1) КР жарандык мыйзамдары боюнча ишеним катка, мыйзамдагы көрсөтмөгө же болбосо ошондой ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын актысына негизделген ыйгарым укугунун күчүнө ылайык башка адамдын атынан, өзү өкүл болгон адамдын жарандык укуктарын жана милдеттерин түздөнтүз түзүүчү, өзгөртүүчү жана токтотуучу адам. Кылмыш-жаза, жарандык жана арбитраждык иштерде, ошондой эле өзү өкүлү болгон адамга юридикалык жардам көрсөткөн, өзү өкүлү болгон адамдын кызыкчылыгына болсо да, өз атынан иш алып барган адам да Ө. деп аталат. Жарандык иште Ө. өзү өкүлү болгон адамдын атынан белгилүү процесстик жана материалдык юридикалык таасири болгон иштерде (м.: элдешүү макулдугун түзгөндө) гана юридикалык иш аракеттерди жүзөгө ашырат. Башкалардын кызыкчылыгы үчүн болсо да, өз атынан иш жүргүзүшкөн жактар (коммерциялык ортомчулар, кудуретсиздиктеги конкурстук башкаруучулар ж. б.) Ө-дөр болуп эсептелишпейт; 2) КР кылмыш-жаза-процесстик мыйзамдары боюнча мыйзамдын күчү же макулдашуу боюнча жабырлануучунун, жарандык доочунун, жарандык жоопкердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоочу ыйгарым укуктуу жак.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]