Өлчөө

Википедия дан

Өлчөө - физикалык чоңдуктун сандык маанисин атайын каражаттардын жардамы менен аныктоо. Өлчөө адам баласы колдонуп келе жаткан эн байыркы амалдардан. Өлчөө процесси көп элементтерди өлчөө объектисин, бирдигин, техникалык каражаттарын, методун жана натыйжасын өз ичине алат. Өлчөө түздөн-түз жана кыйыр болуп айырмаланат. Өлчөөнүн эң жөнөкөй жана тарыхый алгачкы түрү түздөн-түз өлчөө. Мында өлчөө бирдиги өлчөнө турган нерсеге салыштырылат (мисалы, сызгыч менен узундукту, тараза менен массаны өлчөө), да натыйжа дароо алынат. Түздөн-түз өлчөө мүмкүн болбогон жерде кыйыр өлчөө ыкмасы колдонулат. Бул ыкма изделүүчү чоңдуктун тикеден-тике өлчөнүүчү чоңдукка болгон көз карандылыгына (мисалы, нерсенин геометриялык өлчөмдөрү жана массасы боюнча анын тыгыздыгын табууга) негизделет. Өлчөө анын бирдиктерине жараша абсолюттук жана салыштырмалуу болуп, ал эми өлчөнүүчү объектилерге жараша сызыктуу, механикалык, электрдик өлчөө болуп бөлүнөт. Өлчөө илимдин байкоо, эксперимент жүргүзүү, анализдөө, корутундулоо ыкмаларынын негизин түзөт, ошондуктан билимдин жана жалпы эле коомдун өнүгүшүндө анын мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]