Өлүмдүүлүк

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Өлүмдүүлүк – бул медициналык статистика көрсөткүчү (лат. letalis — өлөр), бул оору белгилүү бир мезгил аралыгында кайсы бир оорудан каза болгон адамдардын тийиштүү диагноз коюлгандардын жалпы санына салыштырмалуу үлүшү.

Өлүмдүүлүктүн көрсөткүчү[оңдоо | булагын оңдоо]

Өлүмдүүлүктүн көрсөткүчү адатта оорунун оордугун көрсөтөт жана оорунун өтүшүн же натыйжасын божомолдоо үчүн колдонулат. Салыштырмалуу жогорку көрсөткүч салыштырмалуу начар натыйжадан кабар берет. Медициналык мекеменин жумушунун сапатын жана натыйжалуулугун көрсөтүшү мүмкүн. Бирок өлүмдүүлүктүн көрсөткүчтөрү туруктуу эмес. Ал козгогучтун өзгөчөлүктөрү жана оорунун мүнөзү, организмдин абалы, оорулуунун жаш курагы, абалынын оордугу, медициналык жардамга өз убагында кайрылганынан көз каранды болушу ыктымал. [1]

Эсеп мисалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Эгерде жамааттагы 100 адамга бир эле оору аныкталса жана алардын 9у кийин бул оорудан көз жумса, анда өлүмдүүлүк 9%ды түзөт.

Өлүмдүүлүктүн түрлөрү:[оңдоо | булагын оңдоо]

Госпиталдык өлүмдүүлүк – кайсы бир оорудан дарыланып, көз жумган адамдардын бул оорудан айыккан бейтаптарга карата катышы; же ооруканада көз жумган адамдардын жалпы санынын айыгып чыккан бейтаптарга карата катышы.

Ооруканадан сырткары өлүмдүүлүк – стационардан сырткары амбулатордук шарттарда же үйдө дарыланышкан адамдардын ушундай эле катышы.


Жалпы өлүмдүүлүк – стационарда же андан сырткары көз жумган адамдардын жалпы санынын белгилүү бир патологиядан көз жумган адамдарга карата катышы.


Мөөнөтүнөн мурдагы өлүмдүүлүк – стационарга келип түшкөндөн кийинки биринчи суткаларда көз жумган адамдардын санынын бир жылда келип түшкөн бардык оорулардын санына карата (пайыздык) катышы; кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын баалоо үчүн колдонулат.


Зиготалык өлүмдүүлүк – бул уруктанган клетканын генетикалык жактан шартталган толук өөрчүүгө жарамсыздыгы.


Полигендик өлүмдүүлүк (грек. poly - “көп” + genes – “тек”) – бул индивиддин генотибиндеги ар бири айрым алганда айыкпас болуп эсептелбеген ар түрдүү аллелдердин айкалышуусунун натыйжасындагы жашоого жарамсыздыгы.

Операциядан кийинки өлүмдүүлүк – бул операциядан кийин көз жумгандардын операция болгон оорулуулардын санына карата (пайыз менен) статистикалык көрсөткүчү. [2]

Өлүмдүүлүк коэффициенти[оңдоо | булагын оңдоо]

Бул жөн гана катыш менен айтылган эки өлүмдүүлүктүн салыштырылышы.

Өлүмдүүлүк коэффициенти кийлигишүүнүн таасирин баалоо үчүн колдонулушу да мүмкүн. Мисалы, эгерде кайра иштетилбеген ич келтенин өлүмдүүлүгү 40%ды түзсө, ал эми заманбап дарылоодо ал 1%дан төмөн болушу ыктымал. Бул ич келте менен ооругандардын дарыланган жана дарыланбаган тобун салыштырганда, өлүмдүүлүк 40 жана андан ашык пайызды түзөрүн көрөбүз.[3]

Мисалдар[оңдоо | булагын оңдоо]

Испан тумоосу үчүн өлүмдүүлүк (1918) >2,5% түздү.

Болжол менен 0,1% Азия (1956-58) жана Гонконг (1968-69) тумоосу үчүн [10] жана <0,1% тумоонун башка пандемиялары үчүн.[4]

Легионерлер оорусунун өлүмдүүлүгү 15%га жакын.

Сарык калтыратмасынын өлүмдүүлүгү атүгүл жакшылап дарылаган күндө да 20дан 50%га чейинкини түзөт.

Дарылоосуз калтырылган бубон чумасы дээрлик 60%ды түзөт.

Эбола Заир вирусу 90%га чейинки өлүмдүүлүктү түзгөн эң көп өлүмгө алып келүүчү вирус болуп эсептелет. [5]

Бир клеткалуу Naegleria fowleri пайда кылган неглериоз (ошондой эле баштапкы амёбалуу менингоэнцефалит катары белгилүү) дээрлик дайым өлүмгө алып келет, арийне, өлүмдүүлүк 95%дан ашат.

  1. https://www.britannica.com/science/case-fatality-rate
  2. https://medspecial.ru/wiki/летальность/
  3. https://wiki.ecdc.europa.eu/fem/Pages/Attack%20rates%20and%20case%20fatality.aspx
  4. Taubenberger, Jeffery K.; David M. Morens (January 2006). "1918 influenza: the mother of all pandemics". Emerging Infectious Diseases. Coordinating Center for Infectious Diseases, Centers for Disease Control and Prevention. 12 (1): 15–22. doi:10.3201/eid1201.050979. PMC 3291398. PMID 16494711. Archived from the original on 2009-10-01. Retrieved 2009-04-17
  5. 5. King, John W (April 2, 2008). "Ebola Virus". eMedicine. WebMd. Retrieved 2008-10-06.