Өлүү төрөлүү

Википедия дан

Өлүү төрөлүү - түйүлдүктүн 28 жумалыгынан кийин бир да дем албай өлүү түшүшү.

Түйүлдүктүн уз. 35 см, салм. 1000 сдан кем болбойт. Эгерде бул көрсөткүчтөр төмөн болсо, бойдон түшүү деп аталат. Өлүү төрөлүү көбүнчө боюнда бар кезде жугуштуу оорулар менен ооруганда, жүрөк-кан тамыр ооруларында, ошондой эле түйүлдүктүн туура эмес өсүшүндө, баланын тону жатындын оозуна капталып жанa жатынга жабышып калышында, төрөттүн кабылдоосунда, каканагы эрте жарылганда ж. б. учурларда болот.

Өлүү төрөлүүнүн алдын алуу үчүн боюнда барлар врачтын көзөмөлүндө болуусу, алардын патологиясын убагында аныктоо жанa дарылоо ж. б. ыңгайсыз шарттарга жол бербөө чараланы жүргүзүлөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.