Сагындык Өмүрбаев
Сагындык Өмүрбаев | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: | |
Өлгөн датасы: | |
Чыгармаларынын тилдери: |
Сагындык Өмүрбаев – жазуучу.
Ал Кочкор районунун Ак-Кудук айылында 1930-жылы туулган.
Кыргыз эл жазуучусу (1991)[2]. 1951-ж. КМПИнин тил, адабият факультетин бүткөн. Чыг-лыгын 1948-ж. ыр жазуудан баштаган. Чакан аңгеме, түрмөк ырлары респ. газета-журналдарга, жыйнактарга чыккан. Алгачкы ыр китептери «Тынчтык нуру» (1954), «Айна» (1957) Ата Мекен, тынчтык ж-дө. Андан кийин ар жанрда ондогон китептери (ыр, аңгеме, очерк, публицистика, повесть, көп котормолору өз-өзүнчө жыйнак болуп чыккан. Өзгөчө, эл башына келген эки кыйын кезеңди – 1916-жылдагы Үркүндү, 1941–45-жылдардагы согуш коогалаңын баяндаган «Бороондуу күндөр», «Телегей» романдары м-н Ө. журтчулукка кара сөз чебери катары таанылган. Ө. прозаларында сюжетти кызыктуу куруп, образдарды таасын ачып, мүнөздөрдүн жеке сапаттарын соц. фондо чагылдырат. Ушул маанайдагы анын ар кыл тема, ар кыл мезгил, түркүн окуяны камтыган жети романы бар: «Бороондуу күндөр» (1963), “Телегей» (1965), «Көк жайык» (1978), «Өзгөргөн өрөөн» (1982), «Өрттүү кечүү» (1984), «Жер эне» (1986), «Кер өзөн» (1989).
Көпчүлүк романдары орус ж. б. тилдерге которулган. Ал К. Чуковский, С. Михалков, Гамзат Цадаса, Г. Гулям, И. Попов ж. б. чыгармаларды кыргыз тилине которгон. Өндүрүштүк тема согуштан кийинки совет адабиятындагы магистралдык темалардан болгон. Соц Эмгектин Баатыры, чабан аял Телегей Сагымбаеванын турмушунан алып жазылган Ө-дин “Телегей” романы ушул темада жазылган кыргыз прозаларынын катарында алдыңкы, көрүнүктүү орундардын биринде турат. Романда жазуучу негизги көңүлүн башкы каармандын психологиясын, татаал адамдык тагдырын ачып берүүгө бурат. “Ураандуулук”, “плакаттуулук” анча сезилбейт. Анын ордуна психологиялык башталмалар көбүрөөк байкалат. Телегей “Эмгек баатыры” ардак наамына оңой-олтоң эле жетише койбойт. Ал өз башынан бир топ катаал турмушту кечирет. Мына ошол процесстердин бардыгы романда таасирдүү, көркөм чагылдырылган. Ө-дин “Бороондуу күндөр” романында согуш мезгилиндеги бир өрөөндүн элинин турмушу сүрөттөлөт. Эркектердин баары майданга кетип, айылда карыган чал-кемпирлер, аялдар, жаш балдар калган кезде согушка барбай жашырынып жүргөн Карач, Дербиш, Чомор, Даки, Тынай өздөрүнчө уюшуп алышып, коомдук мүлккө кол салып, бир айыл элди, кала берсе районду бушайман кылышат. Качан гана Бердиш майдандан келип, колхоздун башкармалыгына көтөрүлгөндөн тартып, качкындар жеңилишке мажбур болушат. Романда катышкан каармандардын образдары типтүүлүк даражасына көтөрүлүп, мүнөздөрү ачылган “Өзгөргөн өрөөн” романында жазуучу башкы каарманы Адыл Акбаевдин прототиби катары Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Акназаровду алган. Жазуучу бул эмгекчил, ишмер адамдын турмуш жолуна, мыкты сапаттарына таянып, тарбиялык-таасирдүүлүк мааниси жогорку образды түзгөн. А түгүл айрым учурларда негизги сюжеттик канвадан четтеп, “жайылып” кеткен эпизоддор да кызыктуу, ширелүү тил м-н жазылгандыктан, окурмандардын кызыгуусун жандырат.
Жарык көргөн китептери:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Үч акындын ырлары. Ф.:Кыргызмамбас, 1954. 134 б.
- Тынчтык нуру: Ырлар. Ф : Кыргызмамбас, 1954. 96 б.
- Жеңишбектин жолдоштору: Повесть. Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. 70 б.
- Айна: Ырлар жана поэмалар. Ф.: Кыргызмамбас, 1957. 89 б.
- Көктөмдөгү кыштак: Повесть. Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. 191 б.
- Бороондуу күндөр: Роман. Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. 467 б.
- Tелегей: Роман. - Ф.: Кыргызстан, 1965. 335 б.
- Жерге жазылган диссертация. Ф.: Кыргызстан, 1970. 34 б.
- Балаты: Ырлар, котормолор Ф.: Мектеп, 1972. 91 б.
- Эмгек эрлери: Очерк. Ф.: Кыргызстан, 1974 135 б.
- Көк жайык: Повесть жана роман. Ф.: Кыргызстан, 1978. 63 б.
- Адылбек: Повесттер, аңгемелер. Ф.: Мектеп. 1981. 200 б.
- Өзгөргөн өрөөн: Роман. Ф.: Кыргызстан, 1982. 432 б.
- Өрттүү кечүү: Роман. Ф.: Кыргызстан, 1984. 304 б.
- Жер эне: Роман. Ф.: Кыргызстан, 1986. 360 б.
- Жеңишбектин жолдоштору: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. 70 б.
Котормолору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Чуковский К. Доктор Айболит. Ф.: Кыргызмамбас, 1953. 80 б.
- Хан-Серя. Аңгемелер. Ф.: Кыргызмамбас, 1954. 146 б.
- Гулям Гафур. Ырлар жана поэмалар. Ф.: Киргизгосиздат, 1955. 172 б.
- Бирма акындары. Ф.: Кыргызмамбас,1958. 47 б.
- Гамзат Цадаса. Өмүрүм: Поэмалар, ырлар, тамсилдер жана жомоктор. Ф.: Кыргызмамбас, 1960. - 150 б.
- Попов И. Үй-бүлө: Пьеса. Ф.: Кыргызмамбас, 1960. 73 б.
- Михалков С. А силердечи?: Ырлар. Ф.: Кыргызмамбас, 1963. 148 б.
- Михалков С. Менин досум. Ф.: Мектеп, 1967. 83 с.
- Хакас ырлары. – Ф.: Кыргызстан, 1967. 77 б.
- Миртемир. Ф.: Кыргызстан, 1968. 113 б.
- Михалков С. Ырлар. Ф.: Мектеп, 1976. 5 б.
- Михалков С.Тамсилдер, жомоктор, ырлар. Ф.: Мектеп, 1983. 72 б.
- Михалков С. Жомок Ф.: Мектеп, 1986. 32 б.