Өмүрбеков Ч. К.

Википедия дан

Өмүрбеков Ч. К. (1955-ж. туулган) - этнограф, тарых илимдеринин кандидаты, доцент. Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетин (1977-ж.), СССР ИА Н.Н.Миклухо-Маклай атындагы Этнография жана антропология институтунун аспирантурасын (1983-ж.) бүтүргөн. Кыргыз ССР ИА Тарых институтунда, Борбордук Мамлекеттик архивде, Кыргыз Совет энциклопедия- сынын Башкы редакциясында, КР өкмөтүнүн алдындагы «Манас- 1000» дирекциясында түрдүү кызматтарда иштеген. Учурда И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде эмгектенет. Илимий изилдөөлөрү айылда жашаган кыргыз калкынын материалдык маданиятына байланышкан. Айылдык кыргыздардын Совет доорундагы материалдык маданиятынын (айыл-кыштак, турак-жай, кийим-кече, тамак-аш) өнүгүүсү боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган жана 130дан ашык илимий, илимий- популярдуу макалаларды жарыялаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]