Мазмунга өтүү

Өмүрбек Дөлөев

Википедия дан

Дөлөев, Өмүрбек – акын. 1947-жылы 15-сентябрда Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында туулган. Финансы-экономикалык техникумун 1970-жылы, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн 1982-жылы бүтүргөн.

«Алдыдагы өмүрлөр» аттуу алгачкы ыры 1969-жылы «Ленинчил жаш» гезитине жарыяланган. Очерктери, публицистикалык чыгармалары аркылуу окурмандарга журналист катары да тааны-мал.

Эмгек жолун 1967-жылы Ак-Талаа райондук «Кыргыз айыл чарба техника» өндүрүштүк бирикмесинде айдоочу болуп иштөө менен баштаган, Ак-Талаа райондук финансы бөлүмүндө инспектор болуп иштеген.

1970-жылдан Ак-Талаа райондук «Айыл турмушу» гезитинде үзгүлтүксүз иштеп, учурда ошол гезиттин редактору.

Акындын 50гө жакын ырларына жана «Шырдакбектин боз жорго», «Айымдын арманы», «Эр Тайлак» ж.б. дастандарына музыка жазылган.

1976-жылдан бери СССР Журналисттер союзунун, 1986-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Жаш акындардын республикалык фестивалынын лауреаты.

2003-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери», 2006-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамдары берилген. «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси, Нарын облусунун ардактуу атуулу.


Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сезим тамчысы: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1979. – 35 б.

Алтын топ: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1981. – 12 б.

Үмүт оту: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 47 б.

Мен – мекендин чырпыгы: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1987. – 30 б.

Өмүр көчү: Ырлар-I. – Нарын шаардык басмакана, 1996. – 210 б.

Өмүр көчү: Ырлар-II. – Нарын шаардык басмакана, 1997. – 210 б.

Ак-Талаа куттун жергеси: Тарыхый түзүм. – Б.: Финансы чарба башкармалыгынын басмаканасы, 1996. – 226 б.

Казыбек: Кан-жандан чыккан казалдар. – Б.: Бийиктик, 2003. – 300 б.

Ак мөөр – Ак-Талаанын айпериси. – Б.: Учкун, 2005. – 112 б.

Өмүр күүсү. – Б.: Бийиктик, 2005. – 463 б.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]