Өмүрзаков Дөлөн
Өмүрзаков Дөлөн - (22. 4. 1927-жылы туулган, азыркы Жалал-Абад облусу, Сузак району, Багыш айылы 1999, Бишкек) мамлекеттик жана спорт ишмери. П. Ф. Лесгафт атындагы Ленинград дене тарбия интун бүтүргөн (1948). 1948-52 ж. ошол эле институтта мугалим жана аспирант, 1952-ж. Кыргыз педагогика ИИИнин кенже илимий кызматкери, 1953-54-ж. Кыргыз ССРинин саламаттык сактоо министринин орун басары, 1954-59-ж, 1969-84-ж. Дене тарбия жана спорт к-тинин төрагасы, 1959-69-ж. Министрлер Советинин алдындагы спорттук коомдор жана уюштуруу советинин төрагасы болуп эмгектенген. 1984-ж. ардактуу эс алууга чыккан. Бишкектеги стадионго Өмүрзаковдун ысмы берилген.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7