Өмүрзаков атындагы чоку
Өмүрзаков атындагы чоку - Кыргыз Ала Тоосунда. Бийиктиги 4417 м. Аламүдүн суусунун башталышында, Аламүдүн ашуусунун батыш жагында жайгашкан. Түн. капталында мөңгү бар. Көрүнүктүү географ-окумуштуу С. Өмурзаковдун ысмынан аталган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7