Өмүрканова Мыскал

Википедия дан

Өмүрканова Мыскал - (1915, азыркы Нарын облусу, Жумгал району, Эпкин айылы 25. 12. 1976, Фрунзе) кыргыз совет ырчысы, Кыргыз ССР эл арт. (1954). Чыгармачылыгын элдик ырларды аткаруу менен баштаган. 1936-ж. Эл Чыгармачылыгынын республикалык 1-олимпиадасында 1-сыйлыкты женип алган. 1937-ж. Чаек колхоз-совхоз театрына кабыл алынып, ар кыл ырларды аткаруу менен аткаруучулук чеберчилигин өркүндөткөн. 1940-ж. Нарын шаарында ачылган облустук театрда иштөө менен А. Малдыбаев, А. Огомбаев, Ж. Шералиевдин чыгармаларын аткарып, элге таанылган. Өмүрканованын кең диапазондуу ажайып кооз үнү анын Чыгармачылыгынын өсүшүнө жол ачкан. 1941-65-ж. Кыргыз мамлекеттик филармониясында алгач хордо, кийин оркестрде солист болуп иштеген. 1943-ж. Казакстандагы куралып жаткан армия бөлүктөрүндө, 1944-ж. Полыпа фронтундагы токой госпиталдарында концерт берген. 1958-ж. Кыргыз адабияты менен исквосунун Москвадагы он күндүгүнө катышкан. Өмүрканова «Акбермет», «Ойбулбул», «Алымкан», «Колхоздогу курбума» ж. б. көптөгөн ырларды чебер аткарып, кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. СССРдин көп жеринде, КЭРде концерт берген. Кыргыз ССР Жогорку Советине (4-шайланышына) депутат. Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Ысмы Жумгал орто мектебине ыйгарылган. «Өмүр көчү жүрүшү» 1916-жылдагы Үр кундө шейит кеткен качкындарды эскерүүгө арналган жүрүш. Ал «Кыргызстан демократиялык кыймылы» ж. б. демокр. уюмдар тарабынан уюшулуп, 1991-ж. июлда Чүй өрөөнүндөгү Асылбаш айылынан башталган. Кемин районунун аймагында Боом капчыгайынын кире беришинде аза күтүү митинги өтүп, ал жерге келечекте орнотула турган эстеликтин орду түптөлгөн. Балыкчы шаарына жеткенде жүрүш экиге бөлүнүп, биринчиси Нарын аркылуу Торугарт ашуусуна, экинчиси Ысык-Көл — Барскон аркылуу Бедел ашуусуна жеткен. «Өмүр көчү жүрүшүнө» катышкандар жер-жерлерге токтоп, 1916-ж. улуттук-боштондук кыймылынын тарыхый ролу жана орду тууралуу жаңыча түшүнүк беришкен жана жергиликтүү элден көтөрүлүш жөнүндө маалымат жыйнап келишкен. Ага кыргыздардан тышкары орус ж. б. элдердин өкүлдөрү да катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]