Өндүрүштүк кеңешме

Википедия дан

Өндүрүштүк кеңешме, дайыма иштөөчү өндүрүштүк кеңешме (ДИСК) — коомдук контролдун, эмгекчилерди өндүрүштү башкарууга тартуунун бир формасы.

1958-жылдан иштейт. Өндүрүштүк кеңешме өнөр жай, транспорт, курулуш, айыл чарба, байланыш, cooда ишканаларында, илимий изилдөө, долбоорлоо, конструкторлук уюмдарда ж. башкада уюштурулат. Кеңешменин составынын саны жумушчулар менен кызматчылардын жалпы чогулушунда белгиленет да, ага мүчөлүккө жумушчулар, кызматчылар, администрациянын, парт., профсоюздук, комсомолдук комитеттердин ж. башкалардын өкүлдөрү шайланат. Кеңешме зарылдыгына жараша, бирок кеминде квартал сайын бир жолу еткөрүлөт. Күндөлүк ишин Өндүрүштүк кеңешме жөнүндөгү жобого (1973) ылайык жүргүзөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.