Өндүрүштү автоматташтыруу

Википедия дан

Өндүрүштү автоматташтыруу - адам башкаруучу жана көзөмөлдөөчү ишти прибор менен автомат түзүлүштөрү аткаргандай кылып машина өндүрүшүн өнүктүрүү процесси. Өндүрүштү автоматташтыруу өнөр жайды өнүктүрүүнүн жанаилимий-техникалык прогресстин негизги багыты. Анын максаты эмгектин натыйжалуулугун жогорулатуу, чыгарылуучу продукциянын сапатын жакшыртуу, өндүрүштүн бардык ресурстарын толук пайдалануу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү. Өндүрүштү автоматташтыруу айрым, комплекстүү жана толук автоматташтыруу болуп айырмаланат. Автоматташтыруунун түрүн аныктоодо эң оболу анын ошол өндүрүш шартындагы үнөмдүү натыйжасы жана максатка ылайыктуулугу эсепке алынат. Өндүрүштү автоматташтырууда адам эмгеги такыр жокко чыгарылат дегендикке жатпайт, тескерисинче, адам эмгеги жаны, татаал сапатка ээ болуп, адам машина-автоматтарды башкарып, аларды техникалык жактан тейлейт. Автоматташтыруунун эң алгачкы түрүнүн бири орус механиги И. И. Ползуновдун буу казанынын автомат жөндөгүчү (1765) жана англиялык ойлоп табуучу Ж. Уаттын буу машинасынын ылдамдыгын жөндөгүчүнөн баштап, адамдын кара күчүнүн ордуна колдонулуучу механизмдер менен түзүлүштөрдү жаратуу боюнча зор иштер иштелген. Башкаруунун ынгайлуу структурасын жана тех. каражаттарын иштеп чыгууда алгоритмдер теориясы, автоматтар теориясы, математикалык логика жана релелүү түзүлүштөр теориясы колдонулат. Максатты ийгиликтүү орундатуу үчүн башкаруу структурасы, анда колдонулуучу тех. каражаттар (өлчөгүч, жөндөгүч, аткаргыч, кабар чогулткуч жана иштеткич ж. б.) башкарылуучу объект жана адам [оператор, диспетчер, текшерүүчү (контролёр)], башкаруучу менен биригип, автоматташтырылган башкаруу системасын (АБСти) түзөт. Азыр ГЭСтерде, энергия системасында, химия ө. ж-нда, тоо-кен иштеринде, металлургияда, электр-техникада, радио, тамак-аш, жеңил ө. ж-нда, транспортто автоматташтыруу кенири колдонулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]