Өндүрүш кубаттуулугу

Википедия дан

Өндүрүш кубаттуулугу - өнөр жай тармагында, ишканада, анын бөлүмүндө белгилүү убакыт бирдигинде (көбүнчө жыл ичинде) сапаттуу про­дукция чыгаруунун же сырьёну кай­ра иштетүү көлөмүнүн эң бийик чектеги (максималдуу) мүмкүнчүлүгү.

Соц. өлкөлөрдө пландагы продукция номенклатурасына жанa сандата көрсөткүчтөрүнө жараша аныкталат. Ишкананын Өндүрүш кубаттуулугу планда чектелген бирдик ченине ылайык эселтелет. Эсептөөдө натуралай чен бирдиги (буюм, тетик, даана) эң жөнөкөй жанa так болот. Өндүрүштөгү негизги жабдуу тобунун кубаттуулугу боюнча участканын, негизги участка боюнча цехтнн, негизги цех боюнча ишкананын кубаттуулугу белгиленет. Бир эле продукция түрүн чыгаруу боюнча ай­рым ишкананын кубаттуулугунун жалпы суммасы тиешелүү тармактын Өндүрүш кубаттуулугун түзөт. Өндүрүштүн пландалуучу көлөмүн камсыз кылуу жана кубаттуулукту өстүрүү муктаждыгын аныктоо үчүн Өндүрүш кубаттуулугунун балансы түзүлөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.