Өндүрүш программасы

Википедия дан

Өндүрүш программасы — соц. чарбада белгилүү өлчөмдө продукцияны чектелген номенклатура жана сапаты менен өндүрүү жана реализациялоо боюнча тапшырма; ишкананын (бирикме), тармактын планынын, эл чарбасын өнүктүрүүнүн мамл. пла­нынын негизги бөлүгү.


Өндүрүш программасы эл чарба талабынын жана элдин продукция керектөөсүнүн негизинде иштелип чыгылат. Ошондуктан өндүрүш тармактарынын шайкеш келиши, о. эле анын жайгаштырылышы, район аралык байланыш эске алынат. Өндүрүш программасын аныктоодо пландоонун баланс методу колдонулат. [ Тармактык Өндүрүш программасында продукциянын келөмү жана номенклатурасы көрсөтүлет. Ишкананын беш жылдык жана бир жылдык планы өндүрүш көлөмү менен продукциянын реализацияланышына ылайык мамл. тапшырманын негизинде иштелет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.