Өндүрүш сарпы

Википедия дан

Өндүрүш сарпы — продукт чыга­рууга жумшалган же жумшалып жаткан эмгектин жалпы чыгымы.

Эмгектин өзү, эмгек заты жана каражаттары Өндүрүш сарпынын алгачкы элементтерин түзөт. Эмгек процесси кайталангандай (кайталанма өндүрүштө) эмгектин зат элементтеринин (өндүрүш каражаттарынын) кенемтеси коомдук продуктунун эсебинен кай­ра толот. Эмгектин орду болсо кайра толбой, дагы чыгымдала берет. Би­рок ал үчүн эң оболу адамдын жу­мушчу күчү (ишке жарамдуулугу) кайра калыбына келтирилүүгө тийиш. Жумушчунун ишке жарамдуулугун калыбына келтирүүчү жашоо каражаты — зарыл продуктунун өзү.

Зат элементтерине тиешелүү Өндүрүш сарпы- материал ресурстардын (өндүрүш каражаттарынын жана жумушчулардын жашоо каражаттарынын) орток чыгымы. Өндүрүш сарпынын мазмуну жана фор­масы тиешелүү өндүрүш ыгына мүнөздүү өндүргүч күчтөрдүн өнүгүү деңгээлине, о. эле жалпы продукт менен жумушчу күчүн кайталап өндүрүүдөгү өзгөчө шарттарга жараша аныкталат. Бурж. коомдо Өндүрүш сарпы коомдук эмгек чыгымы жана капитал чыгымы деп айырмаланат. Капит. өндүрүштүн түпкү булагы — ишканачынын өндүрүш каражаттарын жана жумушчу күчтү сатып алууга жумшаган акчалай чыгымы. Соц. коомдо Өндүрүш сарпы коомдук продукт өндүрүүгө жумшалуучу бүт коомдук эмгек жана материал ресурстар чыгы­мы деп айырмаланат. Өндүрүш сарпынын жал­пы деңгээли ил. негиздеги нормативдерге ылайык пландаштырылат да, дайыма төмөндөп турат. Бул — соц. өндүрүштүн объективдүү закон ченеми.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.