Өндүрүш факторлору

Википедия дан

Өндүрүш факторлору - Товарларды чыгарууга жана кызмат өтөөгө катышкан ресурстарды өндүрүш факторлору деп аташат.

Аларга жер, жаратылыш ресурстары, капитал, адам ресурстары (эмгек) жана ишкердик кирет. Системада ар бир фактордун өз орду жана өзүнүн конкреттүү функциясы (милдети) бар. Биздин Кыргыз экономикалык системабызда кызмат өтөөгө өндүрүш факторлорун киргизген же пайдаланган адамдар, эмгегинин акыбетин кайтарып алууга же сыйланууга акылуу. Бул төлөмдөр кайра дагы жумшалуучу киреше катары экономиканын кыймылдаткычына күйүүчү отун сыяктуу болуп калат. Ресурстун ээлери аларды пайдалангандыгы үчүн рента, эмгек акы, процент жана пайда алышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9