Өнүгүү

Википедия дан

Өнүгүү - материалдык жана рухий нерселердин, кубулуштардын

  • 1) артка кетпей,
  • 2) алга карай,
  • 3) закон ченемдүү өзгөрүшү.

Өнүгүүнү башка өзгөрүүлөрдөн ушул үч касиеттин чогуу болушу айырмалап турат. Өнүгүүнүн натыйжасында объектинин жаңы сапаттык абалы пайда болот. Өнүгүү мүмкүндүгү — материя менен аң-сезимдин жалпы касиеттеринин бири.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.