Өнөркана
Өнөркана – атайын мааниде – 1) график, скульптор же живописчи иштей турган жай. Ө. термини өзүнүн мааниси боюнча сейрек колдонулуучу ателье менен окшош; 2) ири сүрөтчүнүн белгилүү бир мезгил ичиндеги ишмердигин жана окуучуларынын курамын камтыган өнөрканасы.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004