Өнөр жай товарларын чыгаруу комплекси

Википедия дан

Өнөр жай товарларын чыгаруу комплекси. Жеңил өнөр жайы республиканын чарбалык потенциалындагы артыкчылыктуу багыт болуп эсептелет, анткени калкты иш менен көбүрөөк камсыз кылат, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорт чыгаруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ, эң натыйжалуу жана тезирээк кайтарым алуучу тармак болуп эсептелет.

Бул тармак ЮОдөн ашуун фирмаларды камтыйт, алар өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 20%тен ашуунун беришкен, ал эми бул көрсөткүч 2009-жылдын башталышында 4% эле болучу.

Жеңил өнөр жайы өзүнө бир нече комплекстерди камтыйт:

1. Пахтаны кайра иштетип чыгуу комплекси төмөнкүдөй багыттарды камтыйт:

  • пахта буласын сатып алуу жана кайра иштетип чыгуу;
  • пахта кездемелерин даярдоо (Ош өндүрүштүк пахта бирикмеси);
  • пахта кездемелеринен жасалган тигүү буюмдарынын өндүрүшү («Жамал» АКсы, Бишкектеги ВЛКСМ атындагы кийим тигүү фабрикасы), байпак буюмдары («Эдельвейс» фирмасы).

1997-ж. пахта кездемелерин чыгаруу 1991-ж. салыштырганда 4,8 эсеге, жибек кездемелерин чыгаруу - 7,1 эсеге кыскарды. Мындай көрүнүш кийинки жылдарда да орун алган. Мисалы, бардык түрдөгү даяр кездемелер 2005-ж. 1938,3 миң м2 болсо, 2009-ж. 1426,4 миң м2 чейин азайган.

2. Жүндү кайра иштетип чыгуу комплекси төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • өндүрүүчүлөрдөн жүн сатып алуу;
  • жүндү алгачкы иштетип чыгуу;
  • жүн келептерин чыгаруу («Касиет» КПФ АКсы);
  • жүндөн токулган кездемелерди чыгаруу («Кыргызкамволнооту» МАКы);
  • эркектер, аялдар жана балдар ассортиментиндеги жүн жана тор буюмдарын чыгаруу («Айгүл» АКсы, «Илбирс» АКсы).

1997-ж. жүндөн токулган кездемелерди чыгаруу 1991-ж. салыштырганда 4,0 эсеге, тор буюмдарын чыгаруу - 18,3 эсеге азайды.

3. Булгаары-мех сырьесун кайра иштетип чыгуу комплекси төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • тери даярдоо, сорттоо;
  • терилерди иштетип чыгуу үчүн булгаары-сырье заводдоруна берип туруу. Иштетип чыгуу процессинде терилердин жүнүн кыркып алуу, нымдоо, жуу, терилерди боёо жүргүзүлөт.

Андан ары терилер калыңдыгы боюнча сорттолуп, жараксыздары чыгарылып ташталат:

  • бут кийимдин үстүңкү бети чыгарылат («Ак-Марал» АКсынын булгаары заводу жана Бишкектеги «Булгаары» АКсынын тери заводу);
  • бут кийимдин таманы чыгарылат (Фрунзе атындагы булгаары-галантерея бирикмеси);
  • бут кийим тигилет (Бишкектеги «Кадам» АКсынын өнөр жай-соода бирикмеси);
  • булгаары заводдорунун мех буюмдарын тигүүгө сырье бериши (Бишкектеги «Суусар» АКсынын пушнина-мех бирикмеси). 1997-ж. бут кийим тигүү 1993-ж. салыштырганда 8,7 эсеге кыскарган. 1998ж. жеңил өнөр жайында он ишкана токтоп калды, өндүрүштүк кубаттуулуктар начар пайдаланылды, кампаларда 126,4 млн сом суммасындагы (1998-жылдын 1-декабрына карата) даяр продукциянын сатылбаган запастары жыйылып калды.

Жергиликтүү сырьену: пахта буласын, жибек пилласын, жуулган жүндү, булгаары сырьесун ж. б. ташып кетүү жеңил өнөр жайынын комплекстерин туруксуздаштырууга катуу таасирин тийгизет. 2010-жылдан тартып, жеңил өнөр жайынын комплекстериндеги өндүрүштү турукташтыруу болжолдонуп келатат. 2020-ж. карата жалпысынан тармак боюнча иш жигердүүлүгүн реалдуу көтөрүүгө жетишүү болжолдонууда.

Болжолдонгон көрсөткүчтөргө жетишүү, жеңил өнөр жайынын атаандаштыкка жарактуу комплекстерин түзүү жана өнүктүрүү төмөнкүдөй багыттарда ишке ашырылууга тийиш:

  • иштеп жаткан ири адистештирилген ишканалардын атаандаштыкка алда канчалык жарактууларын жана көбүнесе экспортко багыт алгандарын сактап калуу;
  • ички керектөө рыногу үчүн ар кыл ассортименттеги товарларды чыгарууга багыт алышкан чакан ишканалардын кеңири комплексин түзүү;
  • узак мөөнөттүү, өз ара пайдалуу келишимдердин, контракттардын негизинде сырье берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруучу баа коюунун эсебинен кайра иштетип чыгуучу ири ишканаларга сырье (пахта, жүн, тери) берүүчүлөрдү кызыктыруу үчүн шарт түзүү;
  • жүндү, пахтаны, жибек пилласын жана ата мекендик өндүрүштүн терилерин сезондук сатып алууга максаттуу кредит берүүнү мамлекеттин колдоого алышынын проблемасын жыл сайын өкмөттүк деңгээлде чечип туруу зарыл;
  • жеңил өнөр жайынын бардык комплекстеринин ишканаларын техникалык жактан кайрадан жабдып чыгуу.

Эл аралык талаптарга жана экспорттук продукциянын талаптарына жооп бере турган туурасы 150 сантиметрлик пахта кездемелерин жана туурасы 120 сантиметрден жогору жибек кездемелерин чыгаруу максатында ишканаларды кайрадан жабдып чыгуу;

  • технологиялык жабдуулардын айрым түрлөрүн жана тезирээк кайтарым берүүчү ачык-айкын долбоорлор боюнча запастык бөлүктөрдү максаттуу сатып алуулар;
  • сырьёну кайра иштетип чыгуунун жаңы технологияларын ишке киргизүү жана иштеп жаткан технологияларды өркүндөтүү. Азыркы убакта жүндү кайра иштетип чыгуунун технологиясын өркүндөтүү жана анын сапатын дүйнөлүк талаптардын деңгээлине чейин жеткирүү;
  • аны өлкөнүн жеңил өнөр жайынын фирмаларында кайра иштетип чыгуу максатында жергиликтүү сырьёнун кээ бир түрлөрүн (пахта буласын, жуулган жүндү жана тери сырьёлорун) ташып чыгууга мамлекеттик монополия орнотуу

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9