Өнөр жай экологиясы

Википедия дан

Өнөр жай экологиясы - экологиянын өнөр жайдын айлана-чөйрөгө же тескерисинче табигый шарттардын ишканага таасирин изилдеген тармагы. Өнөр жай таасир эткен зоналарга аба, суу, жер бети (топурак), вибрация, энергия (электр-магниттик, радиациялык) ж. б. кирет. Бул көрсөткүчтөр аркылуу ишкананын айланачөйрөгө тийгизген таасири баамдалат. Буларды булгоо процесстерин изилдөө менен гана чектелбеш керек. Анткени чарбалык иш-аракеттердин табиятка таасири аймакты колдонуу менен андагы табигый экосистемаларды курутуудан (күчтүү деформациядан) башталат. Акыркы учурда өнөр жайдын экосистемасын изилдөөдө айрым табигый биологиялык экосистемалардын моделдери колдонулууда. Экоиндустрия табигый чөйрөдөн ажырабай, бирдикте өнүгүүдө. Мындай системалык мамиле ресурстарды, энергияны колдонууну толук материалдык цикл (баштапкы материалдан баштап акыркы продуктуга чейин) аркылуу оптималдаштырууну камтыйт. Башкача айтканда калдыксыз, туюк системаны туюнтат. Мисалы, япон экологдору төрт негизги тоомго (ички айланма) бөлүнгөн экоиндустриялуу циклди ойлоп табышкан. Анда адамдар менен өнөр жай тармактары өзүлөрүнүн жүрүм-турум циклдерин түзүп, тышкы чөйрөгө майнаптуу жана бузулууга каршы туруктуу иш алып барууга жөндөмдүү. Өнөр жай экосистемасынын мындай тиби биологиялык туруктуулукка ээ жана туюк циклдүү туюк экосистеманын модели менен окшош болот; 2) кандайдыр бир технологиялык процесстерди аткаруу үчүн (аккан сууну тазалоо, биогаз өндүрүү, кенташты байытуу ж. б.) жөнөкөй жасалма биоценоздорду түзүү ыкмалары жана алардын иш алып барышы боюнча топтолгон билимдер, к. Гендик инженерия.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]