Өпкө чабуу

Википедия дан

Өпкө чабуу - үйлөнүп жаткан жаштарды кырсыктан сактоо, көп балалуу болушун камсыз кылуу максатында жасалуучу элдик ишенимге негиздеген салт. Үйлөнүп жаткан кыз-жигитти бири-бирине желкесин тийгизип олтургузуп, чапан жаап, бир аял жаңы союлган текенин өпкөсүн (кээ бир маалыматтарда боорун да) алып, жаштарды ургулайт. Бул каададан соң, өпкөнү итке беришет. Көп элдер кочкорду, текени күнгө, отко курмандыкка чалышкан. Кочкор менен текеге түшүмдү арбытаар жандыктар катары да сыйынышкан. Аталган салт ошондой сыйынуунун бир көрүнүшү болушу мүмкүн. Мындай жөрөлгөнүн түрдүү кырсык- тардан сактаарына ишенүүнү балдарга карата аталуучу энелердин, чоң энелердин «Өпкөмдү чабайын!» деген сөздөрүнөн да байкоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]