Өргө көтөрүү (үйлөнүү салтында)

Википедия дан

Өргө көтөрүү (үйлөнүү салтында) - колуктунун айылында үйлөнүп жаткандарга арналган боз үйдү тигүү. Күйөө бала алып келген кой союлуп, кайын атасынын туугандарын сыйлашат. Үйдүн жанында союлган койдун башын аксакалдардын бири үйдүн ичинен түндүк аркылуу сыртка ыргытат. Ыргытылган башты да бышырып жешет. Кайындарын сыйлагандан кийин боз үй күйөө балага өтөт жана тойго келген анын туугандары жайгашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]