Өркүн

Википедия дан

Өркүн - (Cormus) татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн жалбырактуу жана бүчүрлүү жаш сабагы. Өркүн бир бүтүн орган катары, анын жалбырагы жана сабагы меристемадан (өркүндүн өсүү конусунан) калыптанат. Өркүндүн системасы плаундун, кырк муундун, папоротниктердин, уруктуу өсүмдүктөрдүн тамыры менен бирге жогорку аталган өсүмдүктөрдүн денесин түзөт. Өркүндүн пайда болушу (башкача айтканда жалбырак-сабактуулугу) жер жүзүндөгү өсүмдүк дүйнөсүнүн өөрчүү тарыхындагы эн ири, эн зор ароморфозу болуп саналат. Жалбырактын жалпак бети фотосинтез, транспирация процесстеринин күчөшүнө, бул процесстер өз учурунда сууну жана минералдык туздарды сиңирген кадимки тамырдын өөрчүшүнө алып келет. Өркүндүн структуралык элементтери төмөнкүлөр: муун жалбырактын сабакка бекиген жери жана муун аралыгы сабактын бир муундан экинчи муунга чейинки аралыгы. Сабактын муун аралыгы узун болсо, узун өркүн (ауксибластар), ал эми муун аралыктары кыска, жалбырактары бири-бирине жакын жайгашса, кыска өркүн деп аталат. Кээ бир өсүмдүктөрдүн сабагында жалбырактары жок, алардын өркүнү репродукциялык органдарды гүлдү, мөмөнү жана урукту алып жүрөт да, гүл өркүнү (генерациялык) деп аталат. Бүчур өркүндүн эн негизги элементи болуп эсептелет. Бүчүр ачыла элек түйүлдүк өркүн, анын учунда (чокусунда) өсүү конусу жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]