Өрт кабарлагыч

Википедия дан

Өрт кабарлагыч - өрт чыккан жерди таап жанa ал жөнүндө өрт өчүргүч бөлүккө кабарлоочу техника каражаттардын комплекси.

Өрт кабарлагычтын негизги элементтери; билдиргич — кол менен (кнопкалуу) же автоматтык (жылуулук, түтүн, жалын сезгич); акустикалык же оптикалык сигналдары бар кабыл алгыч аппараттар, ток менен камсыз кылуучу түзүлүштөр, байланыш линиялар.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.