Мазмунга өтүү

Өрт коюу

Википедия дан

Өрт коюу — атайлап же байкабастыктан жасаган иш-аракеттердин натыйжасында өрт чыгуусу жана андан кийин өрттүн өз бетинче күчөп кетүүсү. Кылмыш-таануу мүлккө өрт коюуну (камсыздандыруу алдамчылыгы), коркунучтан өрт коюуну (пиромания, киши өлтүрүү), сексуалдык, көз караштык мотивдер боюнча, өч алуу, көрө албастыктан жана башка аракеттерди жаап-жашырууга багытталган кылмыш иретиндеги өрт коюуну ажыратып карайт. Байкабастыктан өрт коюу күйүүчү материалдардын жанында өрт чыгуучу булактарды талаптагыдай пайдаланбагандыктан келип чыгат, бирок техникалык түзүлүштөрдөгү бузулуулардан да келип чыгышы мүмкүн. Кылмыш-жаза укугу өрт коюуну ар дайым өз алдынча кылмыш курамына бөлүп караган жана эң оор кылмыш катары жазалап келген. Мындай мамиле айрым мамлекеттерде ушул кезге чейин сакталган. КР кылмыш-жаза мыйзамы боюнча өрт коюу өз алдынча кылмыш курамы катары эмес, кылмыш жасоонун жалпы коркунучтуу ыкмасы катары каралат (мүлктү атайлап жок кылуу же зыянга учуратуу, токойлорду атайлап жок кылуу же зыянга учуратуу, террорчулук, диверсия).

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7