Өсүмдүктүн жугушсуз илдеттери

Википедия дан

Өсүмдүктүн жугушсуз илдеттери - экологиялык факторлордун таасиринен пайда болуучу илдеттер. Өсүмдүктүн жугуштуу илдеттерге туруктуулугун начарлатып, жугуштуу илдеттерден да көп зыян келтирет. Этиологиясы боюнча өсүмдүктүн жугушсуз илдеттери бир нече топко бөлүнөт. Дистрофиялык илдеттер азот, фосфор, калий, темир, бор, жез, цинк ж. б. минералдардын жетишсиздигинен же өтө көптүгүнөн пайда болот. Минерал азыктары жетишсиз болсо, өсүмдүк жалбырагы хлорозго чалдыгат (саргаят же бозорот), ал эми көп болсо (мисалы, азот азыгы) өсүмдүк (мисалы, картошка, кызылча, карагат ж. б.) тез бутактап өсүп, түшүмү азайып, сапаты начарлайт. Өсүмдүктүн дистрофиялык илдеттеринин пайда болушуна топурактын кычкылдыгы менен нымдуулугу да себеп болот. Нымдын көп болушунан өсүмдүктүн өсүшү начарлап, жалбырагы саргаят, өзөк сабагы түз өспөйт ж. б. Жарык режиминин бузулушунан да илдеттер пайда болот. Жарык жетишсиз болсо (мисалы, теплицада) өсүмдүктүн фотосинтези начарлайт, ал эми жарыктын өтө аз болушу өсүмдүк үчүн уулуу заттардын пайда болушуна алып келет. Жылуу жана муздак температура кескин алмашканда өсүмдүк (күздүк буудай, арпа, ошондой эле мөмө-жемиштер ж. б.) үшүп кетет. Өнөр жай и. шамал, кар, мөндүр ж. б., ошондой эле нурдун таасиринен пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]