Өсүмдүктүн солушу

Википедия дан

Өсүмдүктүн солушу - суунун жетишсиздигинен өсүмдүк ткандары­нын жабыркашы.

Өсүү токтолуп, фотосинтез, дем алуу бузулат да, крах­мал, белок ж. б. ажырап, клеткалар куурайт.

Өсүмдүктүн солушу түрдүү болот. Кар­тошка, күн карама 30%, көлөкөчүл өсүмдүк 2—3% суусун жоготсо солуйт. Катуу ысыкта топурак нымы өсүмдүктү канааттандырбай өсүмдүк убактылуу солуп, кечкисин кайра калыбына келет. Топуракта ным өтө аз же жок болсо, өсүмдүк биротоло же узак убакытка солуйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.