Өсүмдүктүүлүк

Википедия дан

Өсүмдүктүүлүк — Жер бетинин же өзүнчө бир бөлүгүнүн, же өрөөндүн өсүмдүктөр жамаатташтыгынын (фитоценоздордун) жыйындысы. Флорадан өзгөчөлөнүп, өсүмдүктүн түрдүк курамы менен мүнөздөлбөйт, негизинен саны, түрлөрдүн айкалышуусу жана ар кандай жашоо формасынын мейкиндиктеги структурасы жана динамикасы менен мүнөздөлөт. Ал жер шарынын, континенттердин, тоо кыркаларынын, өрөөндөрдүн же админ. райондордун өсүмдүктүүлүктөрү болуп бөлүнөт. Өсүмдүктүүлүк биосферанын (фитосфера) негизги компонентин түзөт, климат, суу режими, топурак, рельеф өзгөчөлүгү менен бирдикте биогеоценозду түзгөн жаныбарлар дүйнөсү менен тыгыз байланышта. Өсүмдүктүүлүк өсүү шарты, климат ж. б. факторлордун өзгөчөлөктөрүнө жараша геоботан. облустарга, провинцияларга, ал эми структуралык, экол. түзүлүшүнө ж. б-га карата тундра, тайга, тропик, боздоңдуу талаа, шалбаа, чөл, саванна ж. б. болуп бөлүнөт. Өсүмдүктүүлүктү геоботаника, фитоценология, экология илимдери изилдейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]